
Москвада автокырсыкка кабылган эже-сиңди Ысмайылжановаларга мекендештерибизден аманат болуп чогулган акчаны тапшырып Сиздердин дуба-тилектериңиздерди да жеткирдик . Кыргыздар жакындарын талаага кароосуз калтырбастыгын, башына иш түшсө тетири карап кетпешини биргеликте дагы бир жолу көрсөтө алдык. Жалпы жардам кылган мекендештерге өзүбүздүн жамааттын атынан жана жабыр тарткан үй-бүлөөнүн атынан ыраазычылык билдиребиз! Элибизде ынтымак ырыскы орносун! Аллахым баарыңыздарды эки дүйнө бактылуу кылсын! Эч качан жамандык болбосун!