1:10:27
Силерден бир нерсе сурайын деп эч эле сурай албай жүрөм. Ишенсең бул жөнүндө көп ойлондум, сурасамбы же жөн эле билмексен болуп койсомбу деп. Бирок ички дүйнөм тынчтык бербеди. Акыры ойлонуп сурайын деп чечтим. Жаман көрсөң жаман көр бирок, чындыкты өз оозуңдан угуп бир аз болсо да женилдеп калайын. Сөзүмдү эмнеден башташымды билбей турам, Күндө сурап билейинчи, ачыгын сурайын деп барып оозум барбай сурай албай калам. Ишенсен жүрөгүмдү эзип бүттү ушул ой. Элден укканча өз оозуңдан угайын деп бүгүн чыгындым. Бирок мага эч нерсени жашырбай баарын ачык айт суранам. Мен да сен да жеңилдеп калалы. Билем бул сөздү угуп сен да бир топ нес болуп ойлоносун жүрөгүң кысылат. Эми канткен күндө да мага ачыгын айт, базарда картошка канчадан болуп жатат?