04:36
Жок эле го өчүүгө себеп деле, Жакшылыкты жамандык жеңет неге. Кадырыңды баардыгы билиш үчүн, Сөзсүз эле өлүшүң керек беле...? Акыйкат деп чуркаган кайран Улан, Айкөлдүктүн бүткөндөй байрагынан, Жүрөөр элең шамалдай алып учуп, Жүрөгүңдү чындыкка кайрап улам. Көл түбүнө көз жашың тунган чыгаар, Кудай сага бейишин сунган чыгаар. Эли журтуң кан жутуп боздоп турса, Эл жегичтер сүйүнүп турган чыгаар.. Көрөөр элең көз жетпес алыстыкты, Көөдөнүңдөн көрөгөч намыс чыкты. Көлгө чөгүп баратып ойлодуң го, Көргө чөгүп бараткан калыстыкты.. Жайнап турсаң өзүңдү өмүр сүйүп, Жабалактап жаныңда элиң сүйүп. Элге ыраа көралбай көлүң сүйүп, Көлгө ыраа көралбай өлүм сүйүп.. Аз өмүрүң чоң сабак кайран жигит, Алтын башын мекенге сайган жигит. Чексиздикке талпынган бүркүт элең, Ала-Тооңду бүркүттөй айлан жигит..! Бердибек Жамгырчиев, акын