
“Аймактарда жарандар өз укугун билбегендиктен чиновниктер аларды каалагандай пайдаланып жатышат. Андыктан урматтуу Өткүрбек Асилбекович өзүңүз баш болуп, эл менен ачык эшиктерди өткөрүп, укуктук жактан маалымат берип, тыгыз иш алып барууга чакырам”. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында белгиледи.