03:10
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын директору менен айыл жашоочуларынын ортосундагы орун алган чыр-чатак маалымат булактарына тарады. Анда жергиликтүүлөр директордун мыйзамсыз иштерин ашкерелеп, натыйжада эки тараптын тирешүүсүнө алып келген. Бул боюнча Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров өз оюн билдирип, тиешелүү кызматтарды түзүлгөн кырдаалды тез арада жөнгө салууга чакырды.