
“Биздин партия Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бир топ иш-чараларды пландаштырдык. Алсак, инвесторлор менен биргеликте бир заманбап мекеменин ачылышын жасап, ага президентти чакыралы деп жатабыз. Урматтуу өкмөт өкүлдөрү, сиздерде жылдын аягына чейин кандайдыр бир мекеме же ишкана ачылабы?” Мындай суроону “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу фракция жыйынында министрлер кабинетине узатты.