Атамбаев достук жана жакшы коңшучулукту кандай түшүнөт?
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекистандык кесптеши Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады. Алмазбек Атамбаев куттуктоо телеграммасында Кыргызстан жана Өзбекистан ортосундагы бир бирине ишеним жана урматка негизделген көп кылымдык достук жана жакшы коңшучулук байланышы эки бир тууган элдин кызыкчылыктарына кызмат кылуусуна ишеним билдирди. Алмазбек Атамбаев өз телеграммасында сүрөттөгөн эки элдин ортосундагы көп кылымдык чыныгы достук жана бир туугандык байланыштарын ислам дини пайда кылган эле. Анткени көптөгөн Куран аяттары, достук жөнүндөгү хадистер, кыргыз өзбек калкын дос болууга, бир бирин урмат кылууга жана бир бирин жакшы көрүүгө үйрөткөн эле.
Расулуллах С.А.В заманында Мадина калкы Авс жана Хазраж уруусунан болгон, бир тилде сүйлөшкөн, боордош бул эки уруу ортосунда чыр-чатак жана тополоңдор ар дайым келип чыгып, бул үзгүлтүксүз согуш жана кан төгүүнү келтирип чыгарат эле. Мадина калкы Исламды кабыл алгандан кийин, канча замандар бир бирине душмандык жана жек көрүүдө жашаган бул эки уруу дос боордошко айланды. Мындан сырткары өз дини жана ишеними себептүү кысымга жолуккан Маккалик мухажирлерди да өз кучыгана алды. Мухажир жана ансарлар ушундай достук үлгүсүн көрсүтүштү, бул бүткүл ислам дүйнөсүнө кыямат күнүнө чейин жакшы үлгү болуп калат.
Ибн Хишам сийрат китебинде келтирет, Расулуллах С.А.В Мадинага хижрат кылып отурукташкандан кийин мухажир жана ансарларга кат жазды. Расулуллах С.А.В бул катта мусулмандар бир бири менен кандай мамиле жасашын белгилеп берди, аларды башка адамдардан айырмалуу бир үммөт деп атады. Мадинадан сырткарыда коңшу болуп жашап жаткан бир канча жөөт уруулары менен жакшы коңшучулук мамилесинде болууну буйруду. Мурдарак Расулуллах С.А.В Мадинадан сырткарыда жашап жаткан жөөттөр менен жакшы коңшучулук кылуу жөнүндө келишим түзгөн эле. Расулуллах С.А.В дын бул каты Мадинадагы мусулмандар үчүн жана Мадина сырткарысындагы жөөттөр үчүн жазма документ болуп калды. Демек улуту, расасы, терисин түсүнө карабастан баардык мусулмандар бир үммөт болуп бир жетекчинин башкаруусу астында биригиши керек. Ошондон кийин мусулмандар башка мусулман болбогон элдер менен шарты туура келсе жакшы коңшучулук мамилесин бекемдеши мүмкүн болот. Бирок бүгүнкү күндөгү абал, бир үммөт өкүлдөрү болгон өзбек жана кыргыз калкы эки мамлекетке бөлүнүп алып, бир бири менен жакшы коңшучулук мамилесинде болуусу Расулуллах С.А.В дын көрсөтмөлөрүнө туура келбейт.