"МЕКТЕПТИН ЖЕРИН СУУ АЛЫП КЕТТИ" ОРТО-САЙЛЫКТАРДЫН КӨЙГӨЙҮ
Жуманын башына жааган жаандын кесепетинен улам, Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Анын натыйжасында бир канча аймактагы жээкти суу жеп кеткен. Натыйжада дарыяга жакын жайгашкан Орто-Сай айылына дагы коркунуч жаралган. Жергиликтүүлөр суу улам үйлөргө жакындап баратканын, анын токтотуу же алдын алуу иштери натыйжа бербей жатканын билдирет. Беш жыл мурун башталган дамбанын курулушу бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек, ага каражаттын жетишсиздиги себеп болууда.
trkregion (
https://t.me/trkregion)