Сонку үч жылда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дээрлик 90 пайыз жаңы техника менен камсыздалды. Учурда жаңы техникалардын жардамында ар кандай кырсыктарды; жер көчкү, сел, суу ташкындарынын кесепеттерин жоюуда буга чейинки жылдарга салыштырмалуу жумуш бир топ илгерилеген. Кызматкерлердин белгилешинче, мурда ар кандай кырсыктардын алдын алуу иштерин аткарууда жумушчу күч жана көп убакыт талап кылынып, иштин жыйынтыгы узак убакытты талап кылган. Андан тышкары габион торчолору мурда колго жасалып келсе, өткөн жылы атайы завод курулуп эми атайын техника аткарууда.
trkregion (
https://t.me/trkregion)