Ал менин мен анын бейишимин
Кулдук эмес кылып жаткан кызматым.
Жолдошума кылган сүйүү ызатым.
Ак никеде коргоп мени жөлөгөн.
Жолдошум эн кымбат жан урматым.
Башты ийип жүгүнсөмда алдында
Баа жеткис жашоодогу кымбатым
Өмүрүмдүн бүт баарысын багыштап
Бейишиме кыла берем кызматым
Өзүмдү багыштадым бирөө үчүн
Сүйүүсүнө жумшап баардык күчүм
Ал менин мен анын бейишимин
Жумушун кыласамда ар түркүн
Тагдырым буйруп берген таалайым
Кубанып жылмайуусун каалайым
Раазымын, менден да раазы болсон
Жаркырап жайнап калат маанайым.