Кинонун негизги өзөгүн табият менен адамдын ортосундагы тыгыз байланыш жана бүгүнкү күндөгү адеп-ахлактын таза сакталышын өз ичине камтып, окуяларды таасын чагылдыруу менен жаштарды улууларды урматтоого үндөйт. Жана да бул көркөм фильмдин негизги каарманы Айдамир жашоодогу өз милдетин аткарууда карама-каршылыктарга моюн сунбай максатын ишке ашырганы кеңири баяндалат. Ошондой эле криминалдык жашоо, улууну урматтоо, достук мамилелерин өзунө камтыйт.