Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 1-ноябрда жыйынга чогулду. Азыркы президент жана жаңы президент баштаган бийлик өкүлдөрү 2018-2040-жылдардагы өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун талкуулашты. Жаңы шайланган президент кызматына киришер алдында ушул жыйында айтылган сөздөр жана Кыргызстандагы коомдук саясий абал “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында талкууланды. Ага “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров катышты.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации