Благотворительная ярмарка "Книжный городок"
Оператор и монтажер - Адыранов Амантур @just_mad_dp
______________________________________
27 марта в ТЦ Бишкек Парк прошла благотворительная ярмарка "Книжный городок", направленная на привлечение к чтению большего количества людей, особенно молодежи, и на поддержку дома престарелых.
Мы благодарны тем, кто не остался равнодушным и поддержал нас: было продано 93 книги, общей стоимостью 7000 сом, взято интервью о книгах и о чтении. Мы благодарны Жийдеш, которая теперь почетный член ОО "Kyrgyz Union", милой танцевальной группе "Cute Des", ребятам из Тамашоу и танцевальной группе "Groove", а также нашим девочкам, которые устроили флешмоб, за то, что совместными стараниями и усилиями подарили всем пришедшим хорошее настроение и улыбки.
Также мы рады сообщить, что посетим дом престарелых уже на следующей неделе.
Поэтому ждите добрых вестей!
#kyrgyzunion
#bishkek
#KGUalippe
_______________________________________
Жалган куран айынын 27де "Бишкек Парк" соода борборунда "Китептер шаарчасы " аталыштагы кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү.
Кайрымдуулук жарманкенин бирден бир максаты адамдарды китеп окууга үндөө,айрыкча өсүп келе жаткан жаш муундун китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана бул кайрымдуулуктан түшкөн каражат менен карылар үйүнө жардам көргөзүү.
Бул иш чарада жалпысынан 93 китеп сатылып, 7000 сом өлчөмүндө акча топтолду.
Бул жарманкеге катышып,талантын тартуулап берген ырчы айымыбыз Жийдеш Идирисовага, " Cute Des " бий тобуна, Тамашоунун жигиттерине жана флешмоб уюштурган Kyrgyz Unionдун кыздарына жана ошондой эле иш чарага кайдигер карабай колдоо көрсөткөн мекендештерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!Кошумчалай кетчү нерсе Жийдеш Идирисова эжекебиз Kyrgyz Union фондуна ардактуу мүчө катары кошулду. Конокторго жагымдуу маанай жана жылмаюу тартуулагандары үчүн фонддун бардык мүчөлөрүнө да ыраазычылык билдиргибиз келет!
Сиздерди урматтоо менен Kyrgyz Union Bishkek.
#kyrgyzunion
#bishkek
#KGUalippe