Өмүрбек Текебаевдин соттук процесинде, эӊ негизги күбө катары суралып жаткан орус ишкери Алексей Модин, берген көрсөтмөлөрүндө буга чейин айткан оюн кайра-кайра өзгөртүп чаташа баштады. Буга кошумча соттук отурумда тергөө убагында тартылып алынган видео материал көрсөтүлүп, анда Модин 2010-жылы Маевский менен Текебаевдин жолугушуулары өкмөт үйүнүн кайсыл бурчунда, кайсыл кабинетте өткөндүгүн көрсөтүп берген. Бирок ал көрсөткөн иш бөлмө, 2010-жылы убактылуу өкмөттүн бирин орун басары болуп иштеген, Алмаз Атамбаев өзү отурган кабинет болуп чыкты!