Адамдар башка адамдардын ийгиликтери менен дайыма кызыгып келишет. Ийгиликтин сыры принциптерден куралат деп ойлойм. Анткени, ага жашоодогу тажрыйбадан улам жетүүгө болот.
Бүгүнкү баарыбызга маанилүү күн - өлкөбүздүн көз карандысыз күнүндө өзүмдүм өзгөрүүсүз "түбөлүк жолдошторум" менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Алар мени бүгүнкү күндөгү деңгээлиме жеткирүүгө жардам берди. Түбөлүк жолдошторум - бул адилеттүүлүк, чынчылдык жана жоопкерчилик.