Кочкор районунун үч айылында таза суу көйгөйү 10 жылдан ашуун убакыттан бери чечилбей келет. Жалпы 620 түтүн - таза суунун азабын тартууда. Алсак, Ороо-Башы айылынын тургундары айласыздан кээ бир күндөрү- жамгырды тосуп ичишет. Жаанчыл болбой калган мезгилде - Ак-Учук тоосунан агып түшкөн сууну күтүшөт. Ал эми Молдо Кылыч кыштагында суу - таптакыр жок. Туз айылында болсо, жашоочулар шахта аркылуу агып өткөн - шор сууну ичип келишет. Маселени чечүү--каражатка барып эле такалат. Кочкорлуктардын суу көйгөйү Мээрим Ташибекованын материалында.