Режиссер Тимур Тугалаев жана италиялык блогер Сара Иззи тарабынан тартылган «Lost in Kyrgyzstan» ролиги National Geographic журналынын Travel Photography сынагында жеңүүчү аталды.
«Lost in Kyrgyzstan» («Кыргызстанда жоголгон») 4К форматында тартылып, былтыркы жылдын октябрь айында тартууланган . Эки мүнөттүк ролик Ысык-Көл, Соң-Көлдүн жээгинде жана Орто-Токой суу сактагычынын жанында тартылган.