Баткенде эки сотых аянты түзгөн күнөскадан 1 тонна лимон жыйналды. 15 түп цитрус өсүмдүгү мындан 6 жыл мурун отургузулган. Багбан Камбарали Джороев түшүм мол болушуна күнөсканадагы бирдей температура сакталганы себеп дейт. Ошондуктан күнөскананын аянтын кеңейтип, келаткан жылы башка жашылча-жемиштердин түрүн да өстүрүүнү мерчемдеп жаткан кези. Жаңы жыл астында лимон теримин баштаган багбандын күнөсканасына Феруза Аскабек кызы барып келди.