Сабакты баштоонун көлөмү жана тартиби
Биздин устазыбыз Шайхул Ислам Бурханиддин (Алла аны рахмат кылсын) сабакты шаршемби күнү баштоону адат кылган. Сабакты шаршемби күнү баштоо боюнча хадис риваят кылып аны далил кылчу:
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "ما من شيء بدئ يوم ااربعاء اا وقد تم".
Расулуллох Соллоллоху алайхи васаллам айтты: "Шаршемби күнү башталган жумуш албетте ал аягына чыгат".Абу Ханифанын (Алла аны рахмат кылсын) жакшы ишти шаршемби күнү баштоону адат кылган. Жогорудагы хадисти устазыбыз Бурханиддин Устазы Шайхул Имамул Ажал Каувамиддин (Алла аны рахмат кылсын) Ахмад Абдур Рашидден
(Алла аны рахмат кылсын) риваят кылган.
"Чындыгында Шайх Абу Юсуф Хамадани (Алла аны рахмат кылсын) жакшы иштерди баштоону шаршемби күнгө калтырганын ишеничтүү кишиден уктум деп мусанниф айтат. Анткени шаршемби күнү нур жаралган, (үчүнчү ) күн деп аталган. Ал күн каапырларга берекесиз, ал эми момундарга берекелүү күн болуп саналат.
Сабактын көлөмү баштаганда канча болуу керектиги боюнча Абу Ханифа (Алла аны рахмат кылсын) икая кылат: Шайхул Казы Имам Умар ибн Имам Абу Бакр Зарнужи (Алла аны рахмат кылсын) айтат: Машаихтерибиз (Алла аларды рахмат кылсын) айткан: "Жаңы сабак баштоочуга эки жолу кайталанганда жаттай
турган көлөмдө сабак баштоо керек. Күн сайын бир сөздөн кошуп
сабакты көбөйтөт". Сабак канчалык узун болсо да эки жолу кайталанганда жаттоого мүмкүн болсун. Күн сайын сабакты аз-
аздан кошуп, жеңил тажрийба менен көбөйтүү керек. Баштап, сабак алганда дароо эле көп тапшырма алса он жолу кайталоого муктаж болот. Акырында да он жолу кайталоого муктаж болуп, ушундай нерсеге көнүп калат кийин аны таштоо өтө кыйын болот.
الدرس حرف والتكرار الف
Айтылды: "Сабак бир тамга, кайталоо миң мартаба" деп айтылат.
Сабакты түшүнүүгө жакын женил болгон илимден баштоо керек. Шайхул Имам Устаз Шарафиддиин Укайли (Алла аны рахмат кылсын) айтат: "Менин оюм боюнча сабак баштоо, машаихтерибиз (Алла аларды рахмат кылсын) баштагандай болсо жакшы". Алар сабакты чоң китептерден кыскартып алынган "Мабсут" (Чоң китептердин мазмунун камтыган) деген кичине китептен башташат эле. Анткени ал китепти түшүнүү, жаттоо дагын женил , адамды чарчатпайт жана адамдардын арасында көп колдонулат. Сабакты көп кайталап, жаттагандан кийин жазып коюш керек. Албетте сабакты жазып коюу өтө пайдалуу. Илим алуучунун түшүнбөгөн сабагын жаттоосу адамды чарчатат, акылды алсыз кылат жана убакытты текке кетирет. Сабак учурунда устаздан угуп, ой-пикир менен түшүнүүгө аракет кылсын. Эгерде сабак аз болуп, кайталоо көп болсо түшүнүү женил болот. Айтылган кеп бар: "Көп сөздөрдү уккандан эки сөздү жаттоо жакшы. Көп сөздү түшүнбөй жаттагандан эки сөздү түшүнүү жакшы".
Сабакты түшүнүүгө аракет кылбастан жалкоолук кылса, ага
көнүп калып, женил сөздөрдү да түшүнбөй турган болуп калат.
Жакшы түшүнүп алууга аракет кылуу зарыл. Алла Тааладан сурансын. Ага жалбарсын, албетте Алла анын сураганын берет. Үмүттөнгөндү үмүтсүз калтырбайт. Шайхул Имамул Ажал
Каувамиддиин Хамад ибн Ибрахим ибн Исмаил Саффари (Алла рахмат кылсын) Казы Халил ибн Ахмад Сажзириге арнап жазган ырын бизге ырдап берди:
اخدم العلم خدمة المستفيد وادم درسه بعقل حميد
وإذا ما حفظت شيئا أعده ثم أكده غاية التاكيد
ثم علقه كي تعود أليه وإلى درسه على التأبيد
وإذا ما أمنت منه فواتا فانتدب بعده لشي جديد
مع تكرار ما تقدم منه اعتناء بشأن هذا المزيد
ذاكر الناس بالعلوم لتحيا ا تكن من أولى النهى ببعيد
إن كتمت العلوم أنسيت حتى ا ترى غير جاهل وبليد
ثم الجمت في القيامة نارا وتلهبت في العذاب الشديد
Илимге кызмат кылып пайда келтир
Сабакты мактаарлыктай так өздөштүр
Эгерде жаттап алсаң керектүүнү
Кайтала эстен кеткис кылып эч бир
Жана шарт жаттаганды жазып коюу
Ал сага сабак болот өмүр бою
Сабакты өздөштүрсөн эгер бекем
Жаңысын баштаганга шаш оболу
Баштасаң кайталап тур өткөндү да
Эң баалуу ушул ыкма бекем карма
Жакын бол акылдууга, алыс болбо
Ойгонсун айт билгениң адамдарга
Унутулат билимиң айтпагандан
Каласың эл ичинде акмак, наадан
Кыямат күн болгондо кишенделип
Жалындап күйөт денең кыйналып жан
Сабакты кайталоо, башкалар менен ой бөлүшүү,билбегенин алардан суроо, сураганда токтоолук менен ынсап,
пикир кылып суроо, жамандыкты козгоодон, ачуулануудан
сактануу илим алуучунун милдети. Чынында сабакты башкалар менен бирге кайталап, ой бөлүшүү бул кеңеш болуп саналат.
Кеңеш маселенин туурасына жетүү. Мындай иш ой-пикир, токтоолук, ынсаптуулук менен чечилет. Ачууланып жана жамандыкты козгоо менен иш бүтпөйт. Эгер сабактан ой бөлүшүүдөн максаты бирөөнү тосуу, же жеңүү болсо, анда андай пикир арам! Чындыкты ачыкка чыгаруу үчүн талашууга болот. Башкалар менен сабак боюнча ой бөлүшкөндө
амалкөйлүк кылууга болбойт, бирок ал сизди жеңүү
максатында болсо, чындыкка жетүү үчүн амалкөйлүк кылса
болот. Мухаммад ибн Яхяга (Алла аны рахмат кылсын) суроо берилсе жообун ошол замат бербеcтен: "Мен бул нерсени байкап
көрөйүн , ар бир илимдүүнүн үстүндө илимдүү бар" деп айтчуу экен. Сабакты башкалар менен кайталап ой бөлүшүү
өзү жалгыз кайталагандан артык. Бирөө менен сабакты бир саат кайталоо бир ай өзү жалгыз кайталагандан жакшы деп айтылган.
Сабак кайталаганда чыр-чатакты издөөча менен чогуу сабак кайталоодон сактансын. Албетте адамдын мүнөзүнөн тез
таасир тийет. Табияты түз жолдош менен сабак кайталоо керек.
Халил ибн Ахмаддын (Алла аны рахмат кылсын) төмөндөгү ырында илим боюнча көп пайда бар:
العلم من شرطه لمن خدمه أن يجعل الناس كلهم خدمه
Шарты бул сен илимге кызмат кылсаң эгер
Ал эми болушат кызматыңда баардык элдер
Бардык мезгилде илимдин татаал маселелерин ойлонуп жүрүү керек. Ошол татаал маселени чечүүнү ойлонууну адат кылуу зарыл. Чынында татаал маселелердин жообун ойлоп, пикир кылуу менен гана чечет. Ошондуктан "ойлон жетесиң!" деп айтылган. Сөзү туура болуу үчүн ойлонуп туруп сүйлөө абзел. Сөз дагы ок сыяктуу. Аны (окту) көздөгөн бутага тийгизүү үчүн мээлеп туруп, анан атат. Мусанниф: "Усулда (фыкхтын негиздеринде) ойлонуп туруп түз сүйлөө чоң негиз" деп айтты. Акылдын башы сөздүн такай ойлонуп сүйлөнүүсү деп айтылган. Насаатчы айтат:
أوصيك في نظم الكام بخمسة إن كنت للموصي الشفيق مطيعا
ا تغفلن سبب الكام ووقته والكيف والكم والمكان جميعا
Элге насаат кылуу болсо оюңда,
Осуятым, беш шартты так орунда
Неге сүйлөйм, кайсыл мезгил арада
Кантип сүйлөйм, канча сүйлөйм жана да
Көз сал анан кимдер угат сөзүндү
Сөз сүйлөөрдө ушуларды даярда
Бардык учурда ар бир адамдан пайдалануу керек.
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "الحكمة ضالة المؤمن اينما وجدها اخذها"
Расулуллох соллолоху алайхи ва саллам айтты: "Илим момундун жоготкон нерсеси, аны кайдан тапса алат".
قيل: خذ ما صفا ودع ما كدر
Жакшысын ал жаманын ташта, деп айтылган.
Шайхул Имам Устаз Фахриддиин Кашанинин (Алла аны рахмат кылсын) айтканын укканмын. Абу Юсуфтун (Алла аны рахмат кылсын) күңү Мухаммаддын (Алла аны рахмат кылсын) алдында аманат болгон. Имам Мухаммад (Алла аны рахмат кылсын) бир күнү ал күңдөн имам Абу Юсуфтан (Алла аны рахмат кылсын) фыкх маселеси боюнча илим жаттадыңбы деп сурайт. Күң айтат: "Жок, эч нерсе деле жаттабадым, бирок Абу Юсуф (Алла аны рахмат кылсын) ""طقاس رادلا مهس сахмуддару
сакит" Мурас маселесинде айлануучу үлүш түшөт" деген сөздү кайталап айта берчүү эле дейт. Имам Мухаммад (Алла
аны рахмат кылсын) ал нерсени жаттап алды. Имам Мухаммадга
( Алла аны рахмат кылсын) бул маселе чечилбей жүргөн эле,
күңдөн угуп жаттап алаары менен чечилбеген маселеси чечилет. Демек кимден болбосун илимди пайдалануу мүмкүн
экендиги билинди. Ошондуктан Абу Юсуфдан (Алла аны рахмат
кылсын) "Илимге кантип жеттиңиз?"деп сурашканда минтип айткан экен: "Пайдалануудан тыйылбадым жана пайда берүүдөн ичи тардык кылбадым".
Ибни Аббастан (Алла андан ыраазы болсун) "Кантип илим алдыңыз " деп сураганда ал: "Сурамчы тил менен, акылдуу жүрөк менен алдым" деп жооп берген экен. Талиб илим (илим
талап кылуучу) деп аталганынын себеби, оболку заманда
илимден көп сурагандыктан талиб илим деп аташкан. Абу
Ханифанын (Алла аны рахмат кылсын) аалым болгондугунун
себеби да ошондо.Өнзүнүн дүкөнүндө иштеп туруп көп сурап, башкалар менен ой бөлүшүп турган.
Илим алуу кесип кылуу менен бирге болот.
Абу Хафсил Кабир (Алла аны рахмат кылсын) иш менен бирге сабак окуп кайталоочу. Илим алуучуга жумуш зарыл болсо өзүн, үй-бүлөөсүн камсыз кылуу үчүн иштесин, сабакты да кайталасын, башкалар менен сабак боюнча ой бөлүшүп, жалкоолук кылбасын.Дени соо, акылдуу инсанга илим албай койюуга эч кандай себеп жок. Абу Юсуф (Алла аны рахмат кылсын) кедей болсо да, сабакты таштаган эмес. Кимдин мал-дуйносу көп болсо кандай жакшы. Жакшы адам малын илим алууга жумшайт. Бир аалымдан илимди кантип алдыңыз ? деп суралганда ал: Атамдын байлыгынын жардамы менен алдым - деп жооп берген экен. Атасы илимдүүлөргө жардам кылган жардам берүү илимдин көбөйүүсүнө демилге болот. Ихсан (жакшылык) кылуу акыл, илим ниематына шүгүр кылуу болуп саналат. Ал эми
шүрүр кылуу илимдин артуусуна себеп болот.
Абу Ханифа (Алла аны рахмат кылсын) минтип айткан экен: "Илимге мактоо-шүгүр менен жеттим, илимден бир нерсени түшүнсөм, хикмат же маселени чечүүгө жетишсем Аллага шүгүр айтат элем,ошентип илимим көбөйүүчү. Абу Ханифа (Алла аны рахмат кылсын) сыяктуу илимге жетүү үчүн илим алуучу, тили шүгүр менен, денеси ибаадат менен алек болуп жана кедейлерге
жакшы көргөн нерсесин садага кылуусу зарыл.
Түшүнүктүү, илимди, топукту Алла Тааладан деп билүү керек. Алла Тааладан дуба кылып жалбаруу менен хидаят (туура жол) талап кылсын. Чынында ким Алладан хидаят (туура жол) талап кылса хидаят берет. Хак (чынчылдар, "Ахли сүннат вал жамаат") эли адашуудан сактоочу хидаят кылуучу (туура жолго салуучу) Алла Тааладан чындыкты талап кылышты. Ахли сүннөт вал жамаат деген акыйдалары (ишеничтери) пайгамбар алайхиссаламдын жана сахабалардын ишеничиндей жамаат акыйкат, туура сөз жагымдуу мүнөз же туура кыймыл. Алла Таала аларды хидаят кылып адашуудан сактады. Адашкандар өздөрүнүн ойлоруна жана акылдарына таң калышып, чындыкты алсыз макулуктан талап кылышты. Алсыз макулук бул акыл, анткени көз бардык нерсени көрө албагандай эле акыл да бардык нерсеге жетпейт. Чындыкты табуудан алыс калышты, алсыз болушту, адашышты жана башкаларды да адаштырышты.
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "من عرف نفسه فقد عرف ربه".
Расулуллох соллолоху алайхи ва саллам "Ким өзүн тааныса албетте Раббисин тааныптыр" деп айткан.
Өзүнүн алсыздыгын билсе Алла Тааланын кудуретинин чексиз экендигин билет, өзүнүн акылына таянбайт, бир гана Алла Таалага тобокел кылып чындыкты андан талап кылат.
ومن يتوكل على الله فهو حسبه ويهديه الى صراط مستقيم
Ким Аллага тобокел кылса ал жетиштүү зат. Алла аны туура жолго салат.
Кимдин мал-дүйнөсү болсо зекетин берүүдө сараңдык кылбасын, сараңдык кылуу арам, ал эми нафил (ыктыярдуу) садага берүүдөн сараңдык кылуу жаман мүнөздөн. Бакылдыктан(сараңдык-тан) Алла менен сактансын.
قال النبي عليه الصاة والسلم: "اي داء ادوا من البخل".
Пайгамбар алайхис салам "Бакылдыктан(сараңдык-тан) өткөн күчтүү оору барбы?" деп айткан. Абу Шайхул Имамул Ажал Шамсул Аимматул Халвани (Алла аны рахмат кылсын) кедей болгон. Ал бал сатуучу эле. Аалымдарга уулума дуба кылгыла деп балынан бекер берип турган. Жоомарттыгынын берекесинен анын уулу бийик мартабалуу аалым болду. Уулунун илим алуусуна жардам болсун деп акчасына китеп сатып алып, акча берип китеп жаздырчу эле. Мухаммад ибн Хасандын (Алла аны рахмат кылсын) малы өтө көп болуп, малын багуу үчүн үч жүз кишини иштеткен. Ошол мал дүйнөсүнүн баарын илим жолуна жумшаган. Аалымдарды сыйлоого, китеп сатып алууга жана талабалардын муктаждыктарына жумшаган. Ал эми өзү үчүн бир дагын баалуу кийими калган эмес. Абу Юсуф (Алла аны рахмат кылсын) аны күндөрдүн биринде эски кийимчен жүргөнүн көрүп, жаңы баалуу кийим хадия (белек) кылса кабыл кылган эмес. Ал "Сиздер үчүн (байлык) бул дүйнөдө нак берилди, ал эми биз үчүн акыретке кечиктирилди" деп айткан
экен. Хадияны кабыл кылса болмок эле анткени хадия (белек) кабыл кылуу сүннөт . Канткени менен да кабыл кылбады. Себеби кабыл кылууда нафсинин кор болуусун билген.
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "ليس للمؤمن ان يذل نفسه".
Расулуллох соллолоху алайхи ва саллам айтты; "Момунга өз нафсисин кордоо жакшы эмес".
Икая кылынат: Фахрул Ислам Арсабанди (Алла аны рахмат кылсын) бош орунга ташталган дарбыздын кабыгын жыйнап жууп жегенин бир күң көрүп калып,кожоюнуна кабар берет. Кожоюну аны конокко чакырса үмүттөнгөндөн болуп калбайын деп чакырыгын кабыл кылбайт. Арсанбандиге окшоп илим алуучу адамдык асыл сапатты жогору баалап, адамдардан үмүркөр болбоо милдет.
قال عليه السام: "اياك والطمع فانه فقر حاضر".
Пайгамбар алайхис салам "Үмүткөр болуудан сактан, анткени ал даяр күтүп турган кедейлик" деп айткан.
Өзүндө бар мал дүйнөсүн иштетүүдөн кызганбасын, өзүнүн жана башкалардын керектөөсүнө жумшасын.
قال النبي عليه السام: "الناس من خوف الفقر في فقر".
Пайгамбар алайхис салам "Адамдар жакырлыктан
корккондуктан жакырлыкта" деп айткан. (Иштетсем кемип калат
деп жакырлыкка барат).
Баштагы илим алуучулар адамдардын мал-дүйнөсүнөн үмүткор болбос үчүн , оболу кесипти үйрөнүп, андан соң илим алышчу. "Кимде-ким байлыкты адамдардын мал дүйнөсүнөн издесе кедей болот" деген хикмат сөз бар. Эгер аалым үмүткор болсо илиминин урматы калбайт жана чындыкты айта албайт. Ошондуктан шарият ээси Пайгамбар алайхис салам үмүткор
болуудан Алла менен паана тилеген.
اعوذ بالله من طمع يدني الى طمع
Пайгамбар алайхис салам "Үмүттөнүүдөн Алла менен сактанамын, үмүттөнүү мени айыпка кирүүгө жакын кылат"деп айткан.
Алла Тааладан гана үмүттөнүп жана андан коркуу момундун милдети. Алладан гана үмүт кылуусу жана андан гана коркуусу анын шарияттын чегинен чыгуу жана чыкпоосуна ачык негиз
болот. Ким Алла Таалага күнөөкөр болсо, макулуктан коркуп, ал Алла Тааладан башкадан коркуптур. Алла Таалага күнөөкөр болбосо макулуктан коркуп шарияттын чегинен чыкпаса Алла
Тааладан башкадан коркпоптур, Алладан гана коркуптур. Үмүттөнүү да коркуу сыяктуу. Илим алуучу сабакты кайталоодо белгилүү бир санды чектөөсү керек. Албетте сабагын ошол санга жеткирип кайталамайынча жүрөгү
тынчыбайт. Кечээки сабакты беш жолу кайталоо, андан бир күн
алдынкы сабакты жана андан мурункусун үч жолу андан мурункусун бир жолу кайталоосу зарыл. Мындай кайталоо
жаттоого чакырат. Сабакты ичинен (үнсүз) кайталоону милдет
кылбашы керек. Себеби сабак жана кайталоо күч жана кызыгуу
менен болсун. Өтө эле үнүн бийик көтөрүп сабак кайталабасын,
себеби өзүн кыйнап, сабак кайталоодон чарчап калып калат.
Иштердин жакшысы орточосу.
Икая кылынат: Абу Юсуф (Алла аны рахмат кылсын) сабакты аалымдар менен кайталаганда күч жана кызыгуу менен кайталоочу эле. Аны күйөө баласы көрүп, таң калып, минтип айткан экен: Менин билишим боюнча Абу Юсуф (Алла аны рахмат кылсын) беш күндөн бери тамак жей элек, ошондой болсо да сабакты күч жана кызыгуу менен кайталайт.
Илим алуучу үчүн бош убак болбоосу зарыл. Албетте убакытты текке кетирүү илим алуучуга апаат. Устазыбыз Шайхул Ислам Бурханиддин (Алла аны рахмат кылсын) минтип айтат эле: "Мен сабакташтарымдан сабакта алдыда болгондугумдун себеби, мен үчүн илим алган учурда бош убакыт болгон жок". Шайхул Ислам Асбижааниден икая кылынат: Чындыгында ал киши илим алган мезгилде падышанын тактан кулап башка падыша болгон себебинен он эки жыл бош убакта жүрүп калган. Жолдошу менен сабак кайталоону таштаган эмес. Ар күнү сабак окуп кайталап турушкан. Асбижаанинин шериги Шайхул Ислам Шафи мазхабынан болгон. Кийин ал фатва берүүчү аалымга айланды.
Устазыбыз Шайхул Казы Имам Фахрул Ислам Казыхан (Алла рахмат кылсын) минтип айткан эле: "Фыкх илимин окуучуга фыкх боюнча уккан маселени жаттоого женил болсун үчүн фыкх китептеринен бир китепти жаттоо милдет".
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев