----------------------------
Көр тирилик кор кылды, Кимге барып жалынам.
Жер бетинде өлкө жок, Кыргыз кадам баспаган.
Өз арманы ичинде,
Ата журтун сагынган.
Айласыздан айла жок,
Көр тирилик айынан.
Европаны аралап,
Америкага кеткен бар.
Көчөтун тигип корейдин,
Анда да жүрөт кыргыздар.
Коңшубуз орус өлкөсүн
Миллиондоп кыргыз көргөнсүн.
Шыпырып көчө үйлөрүн ,
Кыргызым бүгүн кордолдуң.
Алыстап эне атадан,
Бактысын издеп талаадан.
Канчалап кыргыз жаштары,
Кырсыктан өмүр кыйылган.
Көр тирилик айынан,
Энесин бала сагынган.
Апаа качан келес деп,?
Кеч кирсе жолду караган.
Кеткенден келбей калган бар,
Кырсыктан дүйнө салган бар
Апалап ыйлап жол карап,
Канчалап өсөт жаш балдар?!
Өз жерин болсо май сүттү
Падышаң болсо акылдуу.
Тентимек беле кыргызым,
Жашамак эле бактылуу?!
авт Сабыр Тешебаев
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев