Кимдер билсе орозонун пайдасын.
Сөзсүз табат, ооз жабуу айласын.
Зыян болсо Кудай буюрмак эмес.
Керек болсо ден - соолука пайда, чын!
Кармаш керек, кармабаса болобу.
Тоодой дешет, орозонун сообу.
Менин эмес, менин эмес бул достор.
Илими бар, бир аалымдын жообу.
Кудай үчүн ким орозо кармаса.
Акыретте сыйланат дейт ал баса.
Эх Жараткан, ар бир пендең сый көрүп.
Акыретте жамндыка калбаса.
Каражанды салбайм десең убайга.
Орозо тут, көп - көп сыйын Кудайга.
Жетим - жесир, ачкаларды тойгозуп.
Сооп иштер көп - көп жаса бул айда.