added today at 19:08
Актуалдуу, кызыктуу, пайдалуу маалыматтардын топтому менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан тааныша аласыз.😍😍❤❤ ♻♻Ошто сууга аккан 2 жашар кызды 6-класстын окуучусу куткарып калды. “Балам сууга башы кирип-чыгып агып бараткан кызды көрүп каналга секириптир” дейт эр жүрөк жигиттин апасы ♻♻Анжелика жаӊы үйү менен тааныштырат. Ырчы эмне үчүн ак түстү жактырат? Үйүнүн ичин ким эмерекке толтуруп берди? Ким оӊдоо иштерин жасап берем деп 200 миӊ сомго алдап кетти? Жоопту гезиттен табасыз ♻♻Телеалпаруу
added today at 14:21
Бул сандын апта каарманы телеалпаруучу, актёр Мыктыбек Мукаев болду. 😎😎Алпаруучу менен өткөнгө, келечекке ойлору, принциптери тууралуу маек курдук. Бул кызыктуу маекти гезиттин жаңы санынан таба аласыз.😍🥰 Фотосессиядан #бекстейж #СуперИнфонунЖаңыСанында #МыктыбекМукаев
added today at 13:17
Окурмандардын кызыгуусун жараткан “Өлүмдүн үч түсү” сериалын ГЕЗИТТЕН окуй аласыз. Гезитибиздин жаңы чыккан №867 санында... ... Бул учурда Кайрат эмне кыларын билбей, кантип, кайдан издээрин билбей жүрдү. Жолукпай койсо эмне бул бакыраң көз сары кыз?.. Таптакыр таппай каларын ойлогондо ичи туз куйгандай ачышып кетет. Бирок тагдырдан качып кутулмак кайдан? Экөөнүн жолу кайрадан бириге берди. Бул жолу алар балдарды ойнотуп жүргөн сейил багынан жолугушту. Кайрат көрүп эле сүйүнүп кетти. – Салам. –
added yesterday at 07:41
Негизи зыянкечтерге каршы дары-дармектер мөмөлөрдүн бышарына бир жарым ай калды дегенде чачылбайт, токтотулат. Анткени дарылар мөмөгө сиңип калса, аны жеген адамдын организмине зыян келүүсү мүмкүн. Кокон гилас жана өрүктөрдү зыянкечтерден дарылоо мезгили өтүп кетти. Алдыда мөмөлөрү эми бышчу алма, кара өрүк, алмурут бар.
added June 17 at 08:28
Кайсы кесиптин ээси болсом деп турган чагыңызбы? Сиздерге 9- жана 11-класстын базасында кабыл алуучу кесиптик окуу жайлардын тизмесин сунуштайбыз. Аз убакытта коомго керектүү, жогорку суроо-талапка ээ болгон адистикке ээ болуңуз.
added June 17 at 08:25
Арнис Кыдырмышев: – Биз жаңы үйлөнгөндө эле бир туугандар, сырттагы адамдар үй-бүлөбүзгө такыр аралашпашы керек деп сүйлөшүп алганбыз. Анткени туугандардын кийлигишүүсүнүн айынан үй-бүлөлөр бузулганын көрүп эле жүрөбүз.
added June 17 at 08:22
Валентина Шевченко: – Хай-кик соккусу ошол учурда таамай болорун сездим. Бирок машыгууда бардык нерсени кылабыз. Эрежесиз урушта болгондон кийин бардык ыкма, бардык учурду пайдалануу керек.
added June 17 at 08:18
Анжелика : – Башында талкуунун чабуулуна кабылганымда бул дүйнөдөн жок болуп кетким келчү. Жан чыдагыс ушактар болду. Ыза болуп, күйүп кетчүмүн.
added June 17 at 06:55
Кутман күн! Апталык Жылдыз төлгөнү барактаңыз♈♉♊♋♌♍♎♏♐♑♒♓
added June 14 at 06:22
“Жемиш дарактардын зыянкечтери жана алардын илдеттери бир топ. Зыянкечтери көбүнчө эрте жазда алардын жылбырактарына, жаш сабактарына, гүлүнө зыян келтирет. Илдеттери болсо күн жаанчыл болгондо, анан күн абдан ысыган кезде күчөйт. Зыянкечтери менен илдеттерине каршы дарылар бар” дейт агроном Нурлан Албанов. 🍎🍐🍑🍒Зыянкечтерге каршы дарылоо жолдору, жемиш бактарынын илдеттери тууралуу адистин кеңешин “Супер-Инфонун” 13-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
Show more
17 813 participants in the group
Окурмандардын кызыгуусун жараткан “Өлүмдүн үч түсү” сериалын ГЕЗИТТЕН окуй аласыз. Гезитибиздин жаңы чыккан №864 санында... ... Нуриза Эмир менен жолугуу үчүн түрмөгө келди. Эмир аны көрүп таң кала түштү. Көздөрүндө суроо, таң калуу, сүйүнүү баары бар эле. – Сен кайдан? – Салам. – Бир нерсе болдубу? – Жок, баары эле жакшы. Атам каза болгонун уксаң керек. – Арты кайырлуу болсун. Жүрөгү дешти, ээ? – Ооба, балким, мындан да узак жашамак, менин айымдан болду көрүнөт. Экөө үн катпай отуруп калышты. Эмир арыктап кеткен экен. Нуриза ага боор ооруп карап турду. Бул көз карашты сезгенде Эмир ого бетер кысылып кетти. Кепкасын жүзүнө дагы да тарта берди. – Эмир, мен... – Мага боор орутуштун кереги жок. Кат жазганым үчүн келсең... – Жок, ал үчүн келген жокмун. Боорум ооругудай сен байкуш адам эмессиң. Мен сенин жаныңда болгум келди. Бүгүн турдум да, менин жашоомо сен жетишпей жатканыңды сездим. Сүрөтчүлөр бир аз апенди чалыш адамдар болобуз го. Биринчи жолу сенин сүрөтүңдү тарттым. Анан муну сага алып келүүнү туура көрдүм. Пакеттеги чакан сүрөттү алып чыкты. Чын эле Эмир! Кубанганынан көзүнө жаш имериле түштү. Анын устаканасында жалаң Амандын портрети боло турган. Башка бир да адамды тартканын көргөн эмес. Жалаң эле табигый кубулуштарды, жаныбарларды жана түшүнүксүз бир нерселерди тартчу. – Бул кичинекейи гана, чоң сүрөтүңдү дагы тарттым,- деди Нуриза жаш баладай кубана. Анын устаканасында Эмирдин сүрөтүнө орун бар экен го. Демек, жашоосунда дагы орду барбы? Эмир апкаарып кетти. Сары неме кыпкызыл болуп кетти. – Нуриза, рахмат. – Эч нерсе эмес. Эмир, экөөбүз тең жашоодон чарчадык. Атам өмүрдөн өткөндөн кийин мен чындап жалгыздыкты сездим. Агаларым менен башынан мамилем жакшы эмес. Азиза болсо... Ал компанияда атамдын ордуна өттү. Жок, мен ага көз артпадым дечи. Ошентсе да атама бир аз капамын. Жападан жалгыз калдым. Сүйлөшө турган адам эмес, мени билген адам жок калды. Сени эстедим. Эгерде Аман болбогондо, балким, экөөбүздүн ортобузда бир нерсе болор беле? А балким, эми да кеч эместир деген ойлор келди. Билбейм, сен кандай деп ойлойсуң? – Нуриз, мен... Мен түрмөдөмүн да. – Билем, адамдын бул түрмөдө эмес, өзүнүн түрмөсүндө болгону андан да азап. Мен да түрмөдөмүн. Айырмасы кандай? Эгерде экөөбүз чогуу болгубуз келсе, бизге ким тоскоол болот? 👇👇👇👇 Нуриза Эмирге турмушка чыгабы? Азиза, Элинанын тагдыры кандай болот? Бул суроолордун жообун гезитибиздин кийинки сандарынан окуй аласыздар.