added today at 08:28
Кайсы кесиптин ээси болсом деп турган чагыңызбы? Сиздерге 9- жана 11-класстын базасында кабыл алуучу кесиптик окуу жайлардын тизмесин сунуштайбыз. Аз убакытта коомго керектүү, жогорку суроо-талапка ээ болгон адистикке ээ болуңуз.
added today at 08:25
Арнис Кыдырмышев: – Биз жаңы үйлөнгөндө эле бир туугандар, сырттагы адамдар үй-бүлөбүзгө такыр аралашпашы керек деп сүйлөшүп алганбыз. Анткени туугандардын кийлигишүүсүнүн айынан үй-бүлөлөр бузулганын көрүп эле жүрөбүз.
added today at 08:22
Валентина Шевченко: – Хай-кик соккусу ошол учурда таамай болорун сездим. Бирок машыгууда бардык нерсени кылабыз. Эрежесиз урушта болгондон кийин бардык ыкма, бардык учурду пайдалануу керек.
added today at 08:18
Анжелика : – Башында талкуунун чабуулуна кабылганымда бул дүйнөдөн жок болуп кетким келчү. Жан чыдагыс ушактар болду. Ыза болуп, күйүп кетчүмүн.
added today at 06:55
Кутман күн! Апталык Жылдыз төлгөнү барактаңыз♈♉♊♋♌♍♎♏♐♑♒♓
added June 14 at 06:22
“Жемиш дарактардын зыянкечтери жана алардын илдеттери бир топ. Зыянкечтери көбүнчө эрте жазда алардын жылбырактарына, жаш сабактарына, гүлүнө зыян келтирет. Илдеттери болсо күн жаанчыл болгондо, анан күн абдан ысыган кезде күчөйт. Зыянкечтери менен илдеттерине каршы дарылар бар” дейт агроном Нурлан Албанов. 🍎🍐🍑🍒Зыянкечтерге каршы дарылоо жолдору, жемиш бактарынын илдеттери тууралуу адистин кеңешин “Супер-Инфонун” 13-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added June 14 at 06:20
Чыгармачыл үй-бүлөнүн кожоюну, актриса Альбина Имашованын жолдошу Арнис Кыдырмышев үй-бүлө түйшүгү, сахна артындагы талаш-тартыштар тууралуу айтып берди. 🎼🎼🎼🎼 “Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшыргам. Ал жакта кызыгы, мени виолончелге которуп салышты. Боюм кичинекей болгондуктан ал аспап мага чоң эле болуп калды”,- дейт Арнис мырза. 🎼🎼🎼🎼 Актёр менен кызыктуу маекти “Супер-Инфонун” 13-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added June 14 at 06:17
Адамдын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, иш-аракети ал адамдын интеллекти, адамдык парасаты, маданияты кандай экенин чагылдырып турат. Ал эми чиновник, депутаттардын баскан-турганы ансыз да коомчулуктун көз алдында. Бул темага кайрылууга Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун журналист кыздын Орок айылындагы жаңжал боюнча суроосуна жооп бербей, “ырайың жаккан жок” деп басынтканы түрткү болду. Бул жолу өзүнүн орой мамилеси, жосунсуз жоругу менен талкууга түшкөн чиновниктерди тизмектейбиз.
added June 13 at 11:30
Жеңил салмактагы дивизиондо чемпиондон кийинки рейтингдеги №1 мушкер америкалык Жессика Ай эле. Беттешке чейин Ай Шевченкого тиш кайраганын көрсөттү. Беттеш алдындагы стердаунда (жүз тиреште) Жессика «ок өтпөгөн мушкер» деген жазуусу бар ок өткөрбөгөн жилетти кийип келди. Бул «ок» аттуу каймана аты бар Шевченкого болгон октагонго чейинки биринчи сокку эле... ⏩⏩⏩ «Шевченко чыныгы жырткыч. Ар бир беттеш сайын өзүнө болгон ишеними өсүп, каардуу болуп баратат. Атаандаштар үчүн бул коркунучтуу»,- дед
added June 13 at 11:26
6-июнь күнү Бишкекте ырчы Максат Садырбеков менен сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. ⏩⏩ “Апам менин досум, сырдашым. Ал бардык нерседен кабардар болгондуктан "качан үйлөнөсүң?" деген суроону берчү эмес. Бирок жалгыз уулу болгонумдан апам бул күндү абдан күткөн. "Абдан жакшы кыз туш келди, сен үчүн кубанычтамын" деп сүйүнүп жүрөт”,- дейт кубанычы менен бөлүшкөн Максат. ⏩⏩ Тойдогу көптөгөн кызыктар менен “Супер-Инфонун” 13-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
Show more
17 772 participants in the group
Белгилүү актрисанын күйөөсүнүн күндөлүгү баяндалган “Жозефина” сериалын ГЕЗИТТЕН калтырбай окуңуз. Гезитибиздин жаңы чыккан №864 санында... ... Туңгуюкта туруп алып, караңгылыктан нур издедим… Толгонай! Менин нурум Толгонай! – Мурат, жаным! – Сүйлөбөй турчу!- сенин үн катканыңды жактырбадым. Толгонай тууралуу ойлонуп келе жатканда арамза үнүңдү чыгарбай турчу сен! Шаша-буша оозуңа чүпүрөктү тыгып сыртка чыгып кеттим. Саат түнкү 2. – Алло, Толгонай!- ооба, түн ичинде Толгонайды чочутуп чалдым. – Мурат байке? – Ооба, мен. Толгонай, мени кечир! Бирок мени угушуң керек. Менин мындан аркы чечимдерим баары сенин жоопторуңдан көз каранды. Сен мага ишен! Кел! Кел, экөөбүз бактылуу болобуз! Жүр, сен каалаган жакка кетебиз. Менде чынында сокур тыйын жок. Бирок сен макул десең эле… Бүгүн түндөн калбай учуп кетмекпиз… – Мурат байке? – Ооба, жиндилик жасап салдым. Кылмыш жасап салдым. Сен мени куткарып калчы… Мени өзүмдөн куткарышың керек! – Түшүнбөдүм? – Мендеги чыныгы Мен сага кезиккенче көзү көр болуп, Жозефинага ашык болуп жүргөн экен. Мендеги жасалма Мен, дүнүйөнүн артынан кууган, арзан, тепселген сулуулукка ашык Мен мени бийлеп алган тура. Көзүм эми ачылды… Кетели, Толгонай! Мага ишен! Азыр тур да, дүйнөнүн бир бурчун көздөй кеткен билет тап экөөбүзгө… Кетебиз! – Кетебиз! Бир эле сөз мени бактылуу кылып салды. Бири-бирибизди дароо түшүндүк, дароо колдодук, өз адамымды таптым, өзүмдү таптым. ххх Түн ичинде таңкы 5ке Түркияга билет табылыптыр. Жозефинанын колу-бутун чечип, аны карап каткырып күлүп алдым да, шаарды көздөй шуу койдум. Аэропортко кеткен көчөдө Толгонай чемоданы менен күтүп туруптур. Мен унаамдан түшө калып эле аны кучактап калдым. Бейпилдик! Мен издеген бейпилдик ушул кыздын кучагында болчу! Түркияга кеткен билетке, анан майда-баратка, жо-ок, майда-баратка эмес, биздин кереметтүү жашообуздун алгачкы айларына жетчү 10 миң долларды досум Саматтан алдым да, бир кезде 70 миң долларга алган капкара жол тандабасымды ага карматып туруп келечегиме кубанган бойдон жөнөп кеттим. ххх Аэропортто отуруп Максатка СМС жаздым. «Жозефина Сокулуктагы дачалардын биринде отурат. Барып алып кет. Телефону жок!» деп так даректи коштум. Аз өтпөй андан «Да пошли вы оба! Она в Инстаграме сидит!» деген кат келди. Адегенде ишенген жокмун. Бирок текшерип көрүш керек болчу. Чын эле, телефонду күйгүзсөм, Инстаграмда түз эфирде отурасың. Эч нерсе болбогондой, түнкү жылдыздарга суктанганыңды айтып… Кудай сакта-а! Деги сен кимсиң, Жозефина?! Ээ, эмне болсоң ошол болчу! ххх Билесиздерби, азыр ушул күндөлүктү башынан окуп чыктым. Муну жарыялаганга болобу? Жарыяланса сонун болмок. Себеби бул күндөлүктө чыныгы мен бармын! Чыныгы Жозефина бар! Жок-жок, Жозефинанын ондогон кубулма жүзү бар, анын кимиси жылан экенин бир Кудай билет. Жарыялайлы! А баса, менде азыр баары жакшы! Бул Жозефинанын ичин күйдүрүү үчүн айтылган сөз эмес. Мен чындап бактылуумун! Кош болгула! (Аягы)
Guli Chyngeldieva
24 May
Ошондо бул кайсы актриса (tr)
Guli Chyngeldieva
26 May
😔Иий вообще экенго
31 May
Log in or sign up to add a comment