added today at 08:28
Кайсы кесиптин ээси болсом деп турган чагыңызбы? Сиздерге 9- жана 11-класстын базасында кабыл алуучу кесиптик окуу жайлардын тизмесин сунуштайбыз. Аз убакытта коомго керектүү, жогорку суроо-талапка ээ болгон адистикке ээ болуңуз.
added today at 08:25
Арнис Кыдырмышев: – Биз жаңы үйлөнгөндө эле бир туугандар, сырттагы адамдар үй-бүлөбүзгө такыр аралашпашы керек деп сүйлөшүп алганбыз. Анткени туугандардын кийлигишүүсүнүн айынан үй-бүлөлөр бузулганын көрүп эле жүрөбүз.
added today at 08:22
Валентина Шевченко: – Хай-кик соккусу ошол учурда таамай болорун сездим. Бирок машыгууда бардык нерсени кылабыз. Эрежесиз урушта болгондон кийин бардык ыкма, бардык учурду пайдалануу керек.
added today at 08:18
Анжелика : – Башында талкуунун чабуулуна кабылганымда бул дүйнөдөн жок болуп кетким келчү. Жан чыдагыс ушактар болду. Ыза болуп, күйүп кетчүмүн.
added today at 06:55
Кутман күн! Апталык Жылдыз төлгөнү барактаңыз♈♉♊♋♌♍♎♏♐♑♒♓
added June 14 at 06:22
“Жемиш дарактардын зыянкечтери жана алардын илдеттери бир топ. Зыянкечтери көбүнчө эрте жазда алардын жылбырактарына, жаш сабактарына, гүлүнө зыян келтирет. Илдеттери болсо күн жаанчыл болгондо, анан күн абдан ысыган кезде күчөйт. Зыянкечтери менен илдеттерине каршы дарылар бар” дейт агроном Нурлан Албанов. 🍎🍐🍑🍒Зыянкечтерге каршы дарылоо жолдору, жемиш бактарынын илдеттери тууралуу адистин кеңешин “Супер-Инфонун” 13-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added June 14 at 06:20
Чыгармачыл үй-бүлөнүн кожоюну, актриса Альбина Имашованын жолдошу Арнис Кыдырмышев үй-бүлө түйшүгү, сахна артындагы талаш-тартыштар тууралуу айтып берди. 🎼🎼🎼🎼 “Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшыргам. Ал жакта кызыгы, мени виолончелге которуп салышты. Боюм кичинекей болгондуктан ал аспап мага чоң эле болуп калды”,- дейт Арнис мырза. 🎼🎼🎼🎼 Актёр менен кызыктуу маекти “Супер-Инфонун” 13-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added June 14 at 06:17
Адамдын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, иш-аракети ал адамдын интеллекти, адамдык парасаты, маданияты кандай экенин чагылдырып турат. Ал эми чиновник, депутаттардын баскан-турганы ансыз да коомчулуктун көз алдында. Бул темага кайрылууга Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун журналист кыздын Орок айылындагы жаңжал боюнча суроосуна жооп бербей, “ырайың жаккан жок” деп басынтканы түрткү болду. Бул жолу өзүнүн орой мамилеси, жосунсуз жоругу менен талкууга түшкөн чиновниктерди тизмектейбиз.
added June 13 at 11:30
Жеңил салмактагы дивизиондо чемпиондон кийинки рейтингдеги №1 мушкер америкалык Жессика Ай эле. Беттешке чейин Ай Шевченкого тиш кайраганын көрсөттү. Беттеш алдындагы стердаунда (жүз тиреште) Жессика «ок өтпөгөн мушкер» деген жазуусу бар ок өткөрбөгөн жилетти кийип келди. Бул «ок» аттуу каймана аты бар Шевченкого болгон октагонго чейинки биринчи сокку эле... ⏩⏩⏩ «Шевченко чыныгы жырткыч. Ар бир беттеш сайын өзүнө болгон ишеними өсүп, каардуу болуп баратат. Атаандаштар үчүн бул коркунучтуу»,- дед
added June 13 at 11:26
6-июнь күнү Бишкекте ырчы Максат Садырбеков менен сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. ⏩⏩ “Апам менин досум, сырдашым. Ал бардык нерседен кабардар болгондуктан "качан үйлөнөсүң?" деген суроону берчү эмес. Бирок жалгыз уулу болгонумдан апам бул күндү абдан күткөн. "Абдан жакшы кыз туш келди, сен үчүн кубанычтамын" деп сүйүнүп жүрөт”,- дейт кубанычы менен бөлүшкөн Максат. ⏩⏩ Тойдогу көптөгөн кызыктар менен “Супер-Инфонун” 13-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
Show more
17 770 participants in the group
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев 2 жыл мурун инфаркттан каза тапкан. Жубайы Гүлнара Сатарова уулун жалгыз тарбиялап келет. ✅✅✅✅ “Башында машина эшиктин алдына токтосо деле «атам келди» деп чуркап чыкчу. Азыр кээде тамак ичкенде «атам келип калабы, тамак алып коёлубу?» деп калат. Ибрагим атасын гастролго кетти, бир күнү келет деп ойлойт, күтүп жүрөт”,- дейт актриса. ✅✅✅✅ Гүлнара айым менен болгон кызыктуу маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.
Log in or sign up to add a comment