added June 24 at 07:54
Жамалдин Мусаев: – Мен Баткен районунун Самаркандек айылындагы мектепте окудум. 8-класска чейин бизди спорт залына киргизишчү деле эмес. Ал жакта жогорку класстын окуучулары гана ойночу.
added June 24 at 07:50
Анжелика: – Ашкана нео классика стилинде жасалгаланган. Конок үй менен ашкананы бир кылдым. Ашканадагы аба соргуч күчтүү болсо үйгө тамак-аштын жыты тарабайт. Кээде боорсок, фри жасап калам, жыты такыр чыкпайт.
added June 24 at 07:46
Эр жүрөк жигиттин апасы: - Балам эңкейип карап кызыл футболкачан кичинекей кыздын сууда агып баратканын көрүп калат. Кичинекей кыз бир жолу үн чыгарып ыйлап сууга кирип кеткенде балам артынан сууга секирип түшүп, суудан кызды кургакка көтөрүп чыга албай коюптур. Кызды жылдырып, тепкичке жөлөп коюп атасына чуркаптыр.
added June 24 at 07:42
Мыктыбек Мукаев: – Тамашаны сахнага чыгарууда толтура эмгек, аркасында көп адамдар болот. Көп учурда деп айтпайын, бирок кээде ошондой учур болуп калат. Эч нерсе кылбай эле, кийинки тамашага өтүп кете бересиң. Эч нерсе деле болбойт. Такыр күлбөй койсо тезирээк бүтүрүп сахнадан кеткенге аракет кыласың.
added June 24 at 06:55
Кутман күн! Апталык Жылдыз төлгөнү барактаңыз♈♉♊♋♌♍♎♏♐♑♒♓
added June 20 at 12:54
Кыргыз волейболундагы аты алыска таанылган оюнчулардын бири Жамалдин Мусаев EREM командасы менен быйылкы жылдын өлкө чемпиону болду. Өз командасын чемпиондукка жеткирүүгө салым кошкон спортчу улуттук курама команданын көзгө басар волейболчусу болуп саналат. ⛹️‍♂️⛹️‍♂️⛹️‍♂️⛹️‍♂️ “Залды тазалайм, топторду иретке келтирем. Алгач кыздардын машыгуулары башталат, алар менен чогуу машыгам. Андан кийин ардагер оюнчулардын машыгуулары башталат, ал жакка да кошулуп ойнойм. Алардын оюндарына катышып жүрүп
added June 20 at 12:48
2-июнь күнү Ош облусунун Араван районунда сууга агып бара жаткан кызды 6-класстын окуучусу куткарып калды. Окуянын чоо-жайын билиш үчүн жабыркаган кыздын жана куткарып калган эр жүрөк баланын жакындары менен байланыштык. ⏩⏩⏩⏩ “Кичинекей кыз бир жолу үн чыгарып ыйлап сууга кирип кеткенде балам артынан сууга секирип түшүп, суудан кызды кургакка көтөрүп чыга албай коюптур. Кызды жылдырып, тепкичке жөлөп коюп атасына чуркаптыр. “Ата, кыз агып келди” деп кыйкырыптыр. Атасы чуркап барып кызды чыгарып
added June 20 at 12:44
Мыкы бул жолку маегинде кантип чалынганын, кайра турганын, жеңиштери тууралуу айтып берди. Алдыңызда Мыкы жана анын ойлору. ⏩⏩⏩ «Чалынсам күбүнүп алып туруп басып кете берем. Ар кимдин өзүнүн күчүнө жараша сыноо берет дегенге ишенип калдым. Аны башты жерге салып кабыл аласыңбы же тике карап эле көтөрөсүңбү, ар кимдин өзүнүн иши»,- дейт алпаруучу. ⏩⏩⏩ Мыкы менен кызыктуу маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 20-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added June 20 at 12:41
Ысык, аптап, жай... Ысык-Көл көздөн учкан мезгил жакындады.🌊🌊🌊🌊 Эң керектүү маалымдама: сиз үчүн Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлар, алардын дарегин, шарттарын, бааларын жана байланыш телефондорун тизмектедик. Маалымдаманы “Супер-Инфонун” 20-июнда чыккан жаңы санынан таба аласыз.
added June 20 at 12:38
Үй – чарчап келгенде эс алуучу уя. Адатта үйдүн жасалгасы кожойкенин табитине жараша болот. Бул жолу ырчы Анжеликанын 3 бөлмөлүү элиталык үйүндө конокто болуп, ырчы айымдын табитин көрүп келдик. 🍀🍀🍀🍀🍀🍀 «2018-жылдын сентябрь айында сатып алгам, жасап-түзөө иштери февраль айында бүтүп, көчүп кирдик. Мага жакканы – борбордун так ортосунда, кыздарымдын ийримдерине жакын. Сатып алганда “эми качан бул бөлмөлөрдү толтурам?” деп ойлогом. Бирок баары тез, оңой болду”,- дейт ырчы. 🍀🍀🍀🍀🍀🍀 Анж
Show more
17 903 participants in the group
«Арзы», «Президент жана бомж», «Бишкек-Ош жолунда», «Бир тууганчик», «Шаардык келин Шарапат», «Бажарики», «Үркүн» тасмаларында роль жараткан актёр Жоробек Аралбаев маек төрүбүздө. 🍀🍀🍀 “Комедиялык тасмаларды сындагандар болуп калат эмеспи. Мен аларды сындабайм. Мамлекеттен жардам күтпөй, продюсер издеп, чөнтөгүндө болгон акчасын коротуп тасма тартып жатышат. Бул чоң эмгек”,- дейт актёр. 🍀🍀🍀 Жоробек Аралбаевдин маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.
Log in or sign up to add a comment