added yesterday at 19:08
Актуалдуу, кызыктуу, пайдалуу маалыматтардын топтому менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан тааныша аласыз.😍😍❤❤ ♻♻Ошто сууга аккан 2 жашар кызды 6-класстын окуучусу куткарып калды. “Балам сууга башы кирип-чыгып агып бараткан кызды көрүп каналга секириптир” дейт эр жүрөк жигиттин апасы ♻♻Анжелика жаӊы үйү менен тааныштырат. Ырчы эмне үчүн ак түстү жактырат? Үйүнүн ичин ким эмерекке толтуруп берди? Ким оӊдоо иштерин жасап берем деп 200 миӊ сомго алдап кетти? Жоопту гезиттен табасыз ♻♻Телеалпаруу
added yesterday at 14:21
Бул сандын апта каарманы телеалпаруучу, актёр Мыктыбек Мукаев болду. 😎😎Алпаруучу менен өткөнгө, келечекке ойлору, принциптери тууралуу маек курдук. Бул кызыктуу маекти гезиттин жаңы санынан таба аласыз.😍🥰 Фотосессиядан #бекстейж #СуперИнфонунЖаңыСанында #МыктыбекМукаев
added yesterday at 13:17
Окурмандардын кызыгуусун жараткан “Өлүмдүн үч түсү” сериалын ГЕЗИТТЕН окуй аласыз. Гезитибиздин жаңы чыккан №867 санында... ... Бул учурда Кайрат эмне кыларын билбей, кантип, кайдан издээрин билбей жүрдү. Жолукпай койсо эмне бул бакыраң көз сары кыз?.. Таптакыр таппай каларын ойлогондо ичи туз куйгандай ачышып кетет. Бирок тагдырдан качып кутулмак кайдан? Экөөнүн жолу кайрадан бириге берди. Бул жолу алар балдарды ойнотуп жүргөн сейил багынан жолугушту. Кайрат көрүп эле сүйүнүп кетти. – Салам. –
added June 18 at 07:41
Негизи зыянкечтерге каршы дары-дармектер мөмөлөрдүн бышарына бир жарым ай калды дегенде чачылбайт, токтотулат. Анткени дарылар мөмөгө сиңип калса, аны жеген адамдын организмине зыян келүүсү мүмкүн. Кокон гилас жана өрүктөрдү зыянкечтерден дарылоо мезгили өтүп кетти. Алдыда мөмөлөрү эми бышчу алма, кара өрүк, алмурут бар.
added June 17 at 08:28
Кайсы кесиптин ээси болсом деп турган чагыңызбы? Сиздерге 9- жана 11-класстын базасында кабыл алуучу кесиптик окуу жайлардын тизмесин сунуштайбыз. Аз убакытта коомго керектүү, жогорку суроо-талапка ээ болгон адистикке ээ болуңуз.
added June 17 at 08:25
Арнис Кыдырмышев: – Биз жаңы үйлөнгөндө эле бир туугандар, сырттагы адамдар үй-бүлөбүзгө такыр аралашпашы керек деп сүйлөшүп алганбыз. Анткени туугандардын кийлигишүүсүнүн айынан үй-бүлөлөр бузулганын көрүп эле жүрөбүз.
added June 17 at 08:22
Валентина Шевченко: – Хай-кик соккусу ошол учурда таамай болорун сездим. Бирок машыгууда бардык нерсени кылабыз. Эрежесиз урушта болгондон кийин бардык ыкма, бардык учурду пайдалануу керек.
added June 17 at 08:18
Анжелика : – Башында талкуунун чабуулуна кабылганымда бул дүйнөдөн жок болуп кетким келчү. Жан чыдагыс ушактар болду. Ыза болуп, күйүп кетчүмүн.
added June 17 at 06:55
Кутман күн! Апталык Жылдыз төлгөнү барактаңыз♈♉♊♋♌♍♎♏♐♑♒♓
added June 14 at 06:22
“Жемиш дарактардын зыянкечтери жана алардын илдеттери бир топ. Зыянкечтери көбүнчө эрте жазда алардын жылбырактарына, жаш сабактарына, гүлүнө зыян келтирет. Илдеттери болсо күн жаанчыл болгондо, анан күн абдан ысыган кезде күчөйт. Зыянкечтери менен илдеттерине каршы дарылар бар” дейт агроном Нурлан Албанов. 🍎🍐🍑🍒Зыянкечтерге каршы дарылоо жолдору, жемиш бактарынын илдеттери тууралуу адистин кеңешин “Супер-Инфонун” 13-июнда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
Show more
17 815 participants in the group
“Супер-Инфо” гезитинде жаңы сериал! Чыныгы турмуштан алынган кыргыз кызынын тагдырын баяндаган “Туман” сериалын калтырбай окуңуз, окурман. 👍  💖 😍   (Башы) Деңизди тиктеп отурду. Толкун жээкке шарпа-шурп. Ысык-Көлдү эстеди. Кыргыз кайсы жерде болбосун чалкып жаткан көлдү көргөндө Ысык-Көлдү эстейт. Кыз да эстеди. Көкүрөктү кусалык өйкөп, анысы томолоктошуп келип кекиртегине такала түштү. Ысык-Көлгө эң биринчи жолу атасы алып барган. Анда атасы жаш болчу. Ал кезде атасы бул кызды баарынан жакшы көрчү. Анда атасы мунун ким экенин биле элек болчу. Кыз улутунуп алды да, жээктеги майда таштан алып деңизге ыргытты. Ыйлап алса жакшы болмок. Жеңилдемек. Бирок акыркы күндөрү ыйлай албай да калды. Улутунат, үшкүрөт, бирок ыйлай албайт. Турмуш аны мерез кылып бүтүрдү. – Шаку?- курбусу кыйкырды артынан. – Оу? – Кетелиби? – Ии… – Жүр, эртелейли. Уктап алсак жакшы болмок. Жетишпейбиз го. Шүмшүктөр эрте коё беришкенде… – Андайлар качан эрте коё беришчү эле? Туралы көп сүйлөбөй,- Шайыр чачтары саксайып жүдөп, күндөн көзү уялып турган курбусунун жанына келди.  – Бүгүн тигил шүмшүк каякка алып барат болду экен? – Тапты да. Бас! Курбусун колунан тартып тургузду. Бийик така кийген, бирок чарчагандыктан эптеп-септеп кыйшаңдап баскан, жүдөгөн эки курбу Жер Ортолук деңиздин жээгинен алыстап баратышты...  ⏩ ⏩ ⏩    Кызыктуу сериалдын уландысын гезиттин бүгүн чыккан жаңы санынан окуй аласыз.😍
Log in or sign up to add a comment