added yesterday at 12:12
Учурда экран бетинен түшпөй бирде клиптерден, бирде дорамалардан көрүнгөн түштүк кореялык ырчы, актриса Айю бул ийгиликке кантип жеткен? Анын балалыгы оор өткөнүн билчү белеңиз? Ырчынын балалыгы, кыялы, максаты, ийгилиги тууралуу кызыктуу маалыматтарды “Супер-Инфонун” 23-майда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added yesterday at 12:10
Кал менен мең... Буларды кээ бир аймактарда синоним сөз катары кабыл алышса, дагы башка жерде көрүнүшү жалпак так сымалын кал, териден өйдө көтөрүлүп чыгып турганын мең деп түшүнүшөт. Денедеги кал, тактар эмнеден улам жаралат? Алар кимде көп кезигиши жана кайсы учурда ракка өтүп кетиши мүмкүн? Алдын алуу, дарылоо жолдору кайсы? Бул суроолордун жообун “Супер-Инфонун” 23-майда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added yesterday at 12:07
Ырчы Омар жыл башында кыздуу болгон. Акыркы учурда сахнадан алыстай түшкөн ырчы менен бул жолу аталык сезимдери, жаңы жашоосу тууралуу баарлаштык. 🍀🍀🍀🍀 “Азыр атасын ыйлаткан кыз, Арушкабыз 3 айга толду. Чоң атасы аруу кыз болсун деп ысымын Арууке койгон. Башында көп деле билинчү эмес, эми жыты чыгып, күлүп калганда жанынан чыккым келбей айланчыктайм”,- дейт аталык сезимдери менен бөлүшкөн Омар. 🍀🍀🍀🍀 Ырчынын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” 23-майда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added yesterday at 12:04
Ашкере саясатташкан Кыргыз коомунда соңку күндөрү жердешчилик, уруучулук темасы кайра жандана баштаганы байкалууда. Элге зыяндан башка пайдасы жок бул жараатты козгоп, ырбатууга кимдер кызыкдар? Аларга кандай чара колдонуу керек? “Айрым күчтөр трайбализмди саясий курал катары пайдаланууну көздөп жатканы байкалууда. Эмне үчүн бул жаман адаттан арыла албай жатабыз? деген суроо менен кыргызга белгилүү айрым инсандарга суроо узаттык. ⏩⏩⏩ “Бүгүнкү күндө трайбализм маселесин атайын көтөрүп жаткан ада
added yesterday at 11:57
Жылдан-жылга Кыргыз өлкөсүнө кызыккан туристтердин саны өсүүдө. Меймандостугу менен таанылган өлкө болгонубуз менен, конокторду тосуудагы тейлөө оңолбой туристтердин коопсуздугу корголбой калган учур көп. Быйылкы жайкы туристтик сезон 18-майда расмий ачылды. Кыргыз өлкөсүндө туристтик сезонго даярдык кандай? Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 23-майда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added yesterday at 11:51
Самара Каримова жакында Ташкентте жеке концертин бергени жатат. Таланты менен коңшу өлкөлөргө таанылууну каалаган ырчы бул жаңылыгын алгачкылардан болуп биздин гезиттин окурмандары менен бөлүшкүсү келди.😍😍 ⏩“Жакында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жеке концертимди берем. Бул чыгармачылыгыма ташталган жаңы кадам десем жаңылышпайм”,- дейт ырчы. ⏩Самара Каримова менен маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 23-майда чыккан жаңы санынан окуй аласыз.
added yesterday at 07:17
“Супер-Инфо” гезитинде жаңы сериал! Чыныгы турмуштан алынган кыргыз кызынын тагдырын баяндаган “Туман” сериалын калтырбай окуңуз. ... Акча азайды. Кыздардын бири башы жарылып, бети шишип жатат. Экинчиси жалгыз жумушка чыкпай, Гүкүнүн айласы кете баштады. – Кыздар, иштешиңер керек. – Биз өлүп калсак деле сизге баары бир да, ээ? Шаку ушул кебетеси менен кантип иштемек эле? – Шаку айыкканча сен иштеп тур. – Жок, жалгыз эч кайда барбайм! – Анда мен сени менен чогуу чыгам. – Сизби? – Ооба – Сизди ки
added yesterday at 07:13
Окурмандардын кызыгуусун жараткан “Өлүмдүн үч түсү” сериалын ГЕЗИТТЕН окуй аласыз. Гезитибиздин жаңы чыккан №864 санында... ... Нуриза Эмир менен жолугуу үчүн түрмөгө келди. Эмир аны көрүп таң кала түштү. Көздөрүндө суроо, таң калуу, сүйүнүү баары бар эле. – Сен кайдан? – Салам. – Бир нерсе болдубу? – Жок, баары эле жакшы. Атам каза болгонун уксаң керек. – Арты кайырлуу болсун. Жүрөгү дешти, ээ? – Ооба, балким, мындан да узак жашамак, менин айымдан болду көрүнөт. Экөө үн катпай отуруп кал
added yesterday at 07:12
Белгилүү актрисанын күйөөсүнүн күндөлүгү баяндалган “Жозефина” сериалын ГЕЗИТТЕН калтырбай окуңуз. Гезитибиздин жаңы чыккан №864 санында... ... Туңгуюкта туруп алып, караңгылыктан нур издедим… Толгонай! Менин нурум Толгонай! – Мурат, жаным! – Сүйлөбөй турчу!- сенин үн катканыңды жактырбадым. Толгонай тууралуу ойлонуп келе жатканда арамза үнүңдү чыгарбай турчу сен! Шаша-буша оозуңа чүпүрөктү тыгып сыртка чыгып кеттим. Саат түнкү 2. – Алло, Толгонай!- ооба, түн ичинде Толгонайды чочутуп чалдым. –
added May 22 at 19:04
Спорт тармагында ийгилик жараткан Адилет Кыштакбеков, Кыргыз музыкасын чет элге таанытууга аракет кылып жаткан Самара Каримова, Аталык сезимдери менен бөлүшкөн Омар, K-pop жылдызы IU жана башка көптөгөн кызыктуу маалыматтар гезиттин жаңы санында.😍😍😎😎 🍀🍀🍀🍀🍀🍀🍀 Омар: “Кызымдын төрөлгөнүн укканда ыйлап жибердим” 🍀🍀🍀🍀🍀🍀🍀 Ырчы Айнура Салахидинова ак өргөөсүн көрсөттү. “Жуунуучу бөлмөнү “ак үй” деп атап алганбыз” дейт ал 🍀🍀🍀🍀🍀🍀🍀 Өзүңдү бактылуу сезүү үчүн кандай аракеттер
Show more
17 419 participants in the group
Кайсы омуртка кайсы органды башкарат? Омуртканы бузуп, нервдин кысылуусуна жеткирген себептер? Жүлүн нерви кысылып калгандагы белгилер кандай болот? Алдын алуу? Дарылоо? Бул суроолорго врачтын жообун толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.
🇰🇬🇰🇬 My 🇰🇬🇰🇬Love
19 Apr
Кеңирирээк каяктан окусак болот??
СУПЕР-ИНФО ГЕЗИТИ
19 Apr
СУПЕР-ИНФО ГЕЗИТИ replied to 🇰🇬🇰🇬 My
Газетага чыккан, алып окуй берсениз болот. Сайтка биринчи күнү чыгат
🇰🇬🇰🇬 My 🇰🇬🇰🇬Love
19 Apr
🇰🇬🇰🇬 My 🇰🇬🇰🇬Love replied to СУПЕР-ИНФО
Рахмаат
22 Apr
22 Apr
22 Apr
Log in or sign up to add a comment