added January 17 at 06:30
Бул мырза 14 жылдан бери шоу-бизнесте. Ал аракетчил, жөнөкөй жана ачык мүнөз адам. Көп сынга кабылат. Бирок талыкпаган аракети менен шоу-бизнесте ийгиликтерди багындырып келет. 😎😎 Маектешибиз ырчы Дайыр Исмадияров акыркы жаңылыктары, жеке жашоосу тууралуу айтып берди. Анын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.
added January 17 at 06:29
Ушул жылдын 8-январь күнү Улуу Британиянын падышалыгынын жогорку даражадагы мүчөлөрү Сассекс герцогдору ханзаада Гарри менен анын жубайы Меган Маркл социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу сенсациялуу билдирүү таратышты. Анда аталган үй-бүлө падышалык үй-бүлө статусунан, ыйгарым укуктарынан жарым-жартылай баш тартууну чечишкени айтылат. Алар каржылык жактан көз карандысыз болууну жана Улуу Британиядан тышкары Америкада да жашоону каалай тургандыктарын жазышкан. Бул күтүүсүз окуяны падышалы
added January 17 at 06:28
Адам организминде өз ишин так аткарып, оңой менен ооруй бербеген орган – көк боор. Ал жабыркаса адам да бат-бат ооруп, өмүргө коркунуч жаралат. Чоң ишти аткарган бул кичинекей органдын кызматы эмне? Врачтын маалыматын толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.
added January 17 at 06:27
Эне – бул өмүр. Сени жарык дүйнөгө алып келип, түмөн түйшүгүңдү көтөрүп, ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңгон адам. Анын ар бир кыймылы, кийген кийими, жасаган тамагы, айткан кеби дүйнөдө сенден башка бир да адамда болбогон керемет сыяктуу. Өз жашоосундагы керемети, жыргалы, өмүр берген адамы тууралуу белгилүү актёр Камчы Сарыбаев айтып берди. 😍😍 Кызыктуу макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.
added January 16 at 09:35
Гүлжайна Атаканованы сахнада жаркылдап күлүп, тарсылдап сүйлөгөн тамашакөй адам катары билебиз. 😁😁Бирок жашоода ал кандай адам экенин, кандай кыйынчылыкты башынан кечиргенин көпчүлүк билбесе керек.🤔🤔 Күлкүнүн артында катылып жаткан чындык тууралуу маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.🌹🌹🌹
added January 16 at 09:34
“Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык”. Деген менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арачылары, жергиликтүү тургундарынын ортосунда байма-бай чыр чыгып, тирешүүдөн адам өмүрү кыйылган учурлар болуп эле келе жатат. 9-январдан 10-январга караган түнү Баткен районунун аймагында дагы чек ара чатагы чыгып, окуя өлкөгө дүрбөлөң салды. Чатак кантип башталып, эмнелер орун алды? Аймактагы оор кырдаалды ошол кооптуу тилкелерде жашаган жергиликтүү тург
added January 16 at 09:33
Коомчулук өткөн аптада Нарын жана Баткенде күйөөлөрү тарабынан ур-тепкиге алынып каза болгон келиндердин окуясын талкуулап бүтө электе Ысык-Көл облусунда күйөөсү аялын өрттөп жиберген факты катталды.😱🤯 Каракол шаарында 35 жаштагы тургун жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жибергени айтылды. Учурда Каракол шаардык ооруканасында дарыланып жаткан жабырлануучу келин менен байланышып, окуянын чоо-жайын сурадык. Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.
added January 16 at 09:31
Хён Бин жана Сон Йе Жин тандеми кайрадан экранда. Болгондо да корей дорама сүйүүчүлөрүнүн жогорку баасына татыган, көпчүлүктү “качан жаңы сериясы чыгат?” деп экран алдында зарыктыра күттүргөн, 1-сериясынан баштап дароо жогорку рейтингди багындырган “Сүйүүнүн авариялык конуусу” аттуу сериал менен кайтып келишти. 😍😍💑💑Бул дорамада баш каармандардан сырткары экинчи пландагы актёрлор да көрөрмандардын купулуна толуп, ар бирин өзүнчө жактырып, алардын кулк-мүнөзүн талкуулагандар мындан көп. Учурда
added January 16 at 09:30
Бүгүнкү күндө супермаркеттерде уйдун, койдун, эчкинин сүтүн гана эмес, жаңгактын, буурчактын түрлөрүнөн жана ар кандай мөмө-жемиштин уруктарынан алынган сүттөрдү көрүүгө болот. Өсүмдүк сүтү деген эмне? Анын организмге тийгизген пайдасы канчалык? Аларды үй шартында кантип жасоого болот? Суроолорго жоопторду “Супер-Инфонун” жаңы санынан окуй аласыз.😉😉👍👍
added January 15 at 18:55
Актуалдуу, кызыктуу, пайдалуу маалыматтарга бай гезиттин жаңы саны бейшемби таң эрте окурмандардын назарында болот.😍😍🤓🤓 #ЖаңыСанда: 🔷Алмамбет Шыкмаматов жыл соӊунда “Ата Мекендин” фракция лидерлигинен кетип, депутаттык мандатын тапшырган. Бул күтүүсүз чечимдин артында эмне турат? 🔷Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында жаӊжал чыгып, жашоочулар үйлѳрүн таштай качууга аргасыз болушту. Тажик тараптан ок атуулар менен коштолгон жаӊжал кантип башталганын, чек арадагы соӊку кырдаалды күбѳлѳр айтып
Show more
24 311 participants in the group
Кутман күн! Апталык жылдыз төлгөнү окуганды унутпаңыз.🤓🤓
Log in or sign up to add a comment