Бир жигит уйлонуп,бир жылдан сон командировкага кетет.кеткенден кийин бир Айдан сон апасы чалат."Балам аялындын бетине бир жара чыгып аябай жаман жузу суук болуп калды.Эмне кыласын,Эми ошол м н жашай бересинби.Аялын мен эми жашабайм куйоом мени м н кантип ээрчишип журот деп ыйлап жатат кетем деп дейт"Жигит мени кутуп турсун кетпей деп сапарын бутуп кайтат.Жолдо келип жатып козу сокур болуп келет.Ошентип козу корбой аялынын козун корбой жашап калат.Жырма беш жылдан сон аялы кокус каза болуп калат.Аялын жерге берип куран окулгандан кийин баары таркап кетсе жигит кабырды карап туруп калат.Жигиттин досу козун корбошун ойлоп алып кетейин жолдон адашып калбасын деп "-Досум жур эми кеттик дейт.Жигит"-Кете бер менин козум корот "-Дейт, Досу тан кала карап кандайча десе,Жигит айтап .Мен ушул аялымдын урматы учун жырма беш жыл сокур болуп журдум.Аялым бул жашосунда куйоом азыркы жузумду корбоду.Мурдагы жузумду элестетип журот деп кайгырбай жашады"дептир.
    38 комментариев
    659 классов
    10 жылдан бери коон өстуруп аны сатып тиричилик кылган коончунун келинчеги каза болуп калып башкага үйлонот. Арадан 2 жыл өтуп коончу жигит заңгыраган үйлүү унаалуу малдуу болууга жетишет. Аны коргон досу тан калып досунан тез байышынын сырын сурайт. Анда коончу: - ээ досум биринчи келинчегим менен жашап жургон кезде тамакты кобунчо ашканалардан иччубуз, кээде уйдо тамактансак ашкан тамакты төгүп салчу, экинчи аялым дайым тамакты уйдо жасайт ашкан тамакты идишке куюп алып коюп кийинкиде ысытып берет. 1- аялым майда чуйдо кийимим кирдесе ыргытып салчу да жаны алып берчу, той ашка бараарда жаны кийим алчубуз, жандык карай албайм дегенинен уйдо тоок да кармачу эмеспиз, азыркым кийимим кирдесе ыргытпай жууп кайра кийгизет, той - ашка бараарда мурунку койнок шымымды жууп утуктоп кийгизип жонотот, үйдо тоок мал багуубуз зарыл экенин айтып алып келуумду талап кылган соң мал кармап калдык, мына досум ушул эле мендеги соз, мен мурун "бардык аялдар ушундай болот тура" - деген ой менен биринчи келинчегимин жасаган ишин туурадай сезчумун - дейт. Андыктан кыргызда илгертен "тамагыңы тыйсаң тай ашырасың" - деген соз бекеринен айтылып келген эмес тура. Жалкоолукка ысырапкерчиликке жол бербей бардык нерсени үнөмдөп пайдалансак жаркын жашоого жетерибиз анык. Сара Камалова.
    9 комментариев
    84 класса
    Тагдыр суноосу "КУТУУСУЗ БУРУЛУШ" Эрте менен тан атып калган эле. Терезени жаап салгандыктан болмонун ичи карангы. Козумду ачсам эле саат 12. Сыртка чыгып бетими жууп атсам досторум келип калышты, Акыл бугун шаарга барып келбейлиби деп? Макул болуп унаамды айдап чыктым. Жолдо баратып курсагын ач болсо керек уйкучу дешип бир кафеге алып киришти. Шам-шум этип алып кайра жолго чыктык. Рулда баратсам суйууктуум чалып калды. Акыл мен Ошко баратам тосуп аласызбы?-деп. Макул канчада самолет конот экен десем, тунку 11лер чамасында болуш керек деп койду. Макул деп достор менен айтышкан жерине жетип аларды силер кирип чыккыла а мен бул жерде эле десем, алар вечеринка уюштуруп 3 кыз 3 бала болуп отурабыз деп келишип койюшкан экен. Аргасыз тушуп мен да кирдим. Убакыт отпойт деги эле. Ошонтип кече шандуу отуп жатты. Саат 10дор чамасында звонок келип калды. Карасам Айсалкын (кызым) экен. Берки болмого чыгып суйлошуп жаттым. 1 сааттан кийин буюрса жетип калам деп айтты. Макул деп телефонду очурдум. Менин суйлошконумду угуп турган Бегимай кетпей эле койбойсузбу деп калды. А жок рахмат, мен барбасам болбойт десем, анда мени уйумо таштаганча отунузчу деп суранып калды. Досторума мен кеттим деп айтып Бегимай экооз чыгып кеттик. Жолдо баратып ал мага кубурап бир демкелерди эле айтып жатты. Уксам укпасам да оа жок деп жооп берип бараттым. Корсо тоголок жетим кыз экен, бул жакта тай эжесинин колунда осуп чонойгон экен. Ошонтип аны уйуно таштап аэропортко шаштым. Анткени саналуу муноттордон сон суйуктуум учуп келмекчи эле. Ошонтип тосуп да алдым. Экообуз гостиницага бардык. Чарчап келдим деп айтканын ага бир болмо заказ кылып озумо башка заказ кылып ошол жакта туноп калдык. Эртеси чай ичип айылга кетмей болуп кафелердин бирине кирип калдык. Ал жерде отурсак Айсалкындын достору келип калышты. Бизди тааныштырып жатты. Алардын арасында Бегимай да бар эле. Тан калып, тааныбаган адамга окшотуп Акыл деп тим эле отуруп калдым. Ошонтип чай ичип болуп айылга чыктык. Айсалкын экообуз суйлошуп жургонубузго 2 жылдан ашса да ата энеси мени таанышпайт болчу. Кундор отуп жатты. Бир куну Айсалкын экообуз Навои паркында жетелешип баратабыз. Бир кезде жан? Сизге бир нерсе айтсам капа болбой туура тушунууго аракет кыласызбы?-деп калды. Оюмда эч нерсе жок. Айтчы жаным, чечилбеген маселенин озу болбойт го, аны да чечебиз жон гана угуп койбостон деп кулуп койдум. Мени атамдар башка бироого берип жатышат, ал азыр чет олкодо экен. Бир куну ата энеси келип сойко салып кетишти. Сизди капалантып албайын деп алып салдым эле деп калды. Козумо бироо келип бир нерсени кутулбогон жерден бир сайгандай эле болду. Мен дат деген менен эми эмне да озгормок эле деп ичимден ит олуп атса да, сыртымдан аны билгизбеске аракет кылып жаттым. Ортобузда ошончо суук ысык мамилелер отконун кантип бир заматта унутуп койо аласын? Ал сени бактылуу кыла алат бекен эле?-десем апама айтсам атан эмне десе ошол болот деп койду да деп шолоктоп коз жашын тогуп ыйлап жатты. Макул деп аны жоошоткону аракет кылып жаттым, озумдун козумон жаш кеткенин андабастан. Акыркы жолу корушуп турганыма ишене албай турдум, бирок айлам жок эле. Бата кылынган кызга кантип мен уйлонуп кетмек элем?-деген ойлор мээмди жеп жатты. Ошонтип экообуз ушул акыркы жолугушуубуз болсун деп экиге кеттик. Анын айылы башка жакта болгондуктан корбойт элем. Ошол кундору апамдар байкени уйлойбуз деп той баштап коюшту. Байкем чет олкодо окуп, ошол жактан бутуна туруп калган эле. Конулго эч нерсе сыйбай женебиз кай жактан болот экен?-деп сурап калдым. Сурасам ошол Айсалкындардын айылынан экен. Эч нерсе оюмда жок аа жакшы деп, конулумду которуу учун тойго даярдыгымды коро баштадым. Байкем да 2 кундо кирип келди. Корушо элегибизге 8 жылдын жузу болуптур. Экообуз копко суйлошуп отурдук. Бир кезде иним сага не болду? Что-то не ладное коруносун го?-деп калды. Аа, мындай эле десем, койбой сурап туруп алды. Ушунтип бир кыз менен суйлошуп журсом, атасы башка бир чет олколук бироого бермекчи экен. Сиз уйлонгондон кийин уйлоноюн деген ойлор болду эле десем, кел анда токтотуп турабыз меникин, биринчи сенин тоюнду кылалы деп калды. Жок э андай ой кыяланызга да келбесин деп бата кылып турдук. Той айтылган убактыларынан да тездеп кетти. Анткени байкем тошогу жыйылгандан кийин кайра кетуусу керек экен эле. Ошонтип той башталды. Ошончо аракет кылсам да оюмда Айсалкындын кылыктары, создору, жылмайгандары коз алдымдан кетпей жатты. Загска чыкпай, апамдарга жардам берип кафе туйшугун мойнума алып ары бери чуркап журдум. Кеч киргенсип мына мына келин куе келе турган кезде журогум бир башкача болуп озунчо эле сыгылып жаттым. Апама мен больницага отуп келейинчи десем, макул деп жиберди. Барсам давлениян бар турбайбы балам, эмне жаш туруп мынчалык ойлуусун?-деп калды. Тойго даярдык коруп ары-бери чуркагандан го деп койдум, сыр бербей. Башын чайкап дары жазып бергенин аларын алып алып кайра кафеге кайттым. Кеч кирип калган эле. Барсам танца бутуп байкемдер орундукка барытышыптыр. Кирип эле атамын жанына барып отуруп калдым. Коп отпой бир туугандарга соз узатылды. Конулсуз эле отурдум. Кыздын бир туугандары суйлоп буткон сон, мени чакырып калышты. Байкемен кийин жалгыз болгондуктан микрафондо жалгыз озум турдум. Байке жене бактылуу болгула деп гана белегимди алып жонодум. Барып байкемди кучактап бактылуу болунуздар деп женебизге да каалоо айтып кайра эле ордума кайттым. Танца башталып калганын сыртка чыгып келууну чечип баратсам, артымдан бироо келип токтотуп калды. Бурулуп карасам Бегимай. Кандайсыз Акыл аке? Ден соолугунуз? Женениз болот экен эле да Айсалкын досум э?-деп калды. - кандайча? Тушунбодум? - акениз Нурлан аяш менен уйлонуп жатышпайбы деп кулуп калды. Козумо эч нерсе корунбой байкемдин жанына бардым. Женемдин бетин коруу учун шок музыка заказ кылып коюп. Белек берип жатканда жерди карап анын устуно бетин тосуп алгандыктан байкалган эмес эле. Барып карасам эле Айсалкын ортодо достордун тогорогундо бийлеп жатыптыр. Асман узулуп жерге тушподу же жер жарылып мен жерге кирип кетпедим. Уккан кулагыма, коргон козумо ишене албай турдум. Бул тагдырдын сыноосун которо албай жаттым. Кийинкимди элестетуу деген нерсе такыр эле ойго сыйбаган нерсе эже. Козумду ачсам баары тушко айланып кетсе экен деп жаттым. Бирок чындык ачуу демекчи баары чын жана менин коз алдымда болуп жатты эле. Озумду алсыздыгымды ойлоп, бир жолу болсо да кимге турмушка чыгып жатканына кызыгып койбогонума аттин кылып, озумду жемелеп жаттым. Бирок кантип? Кантип мен эми жашоомду улантамын?-деген суроо мээмди жеп жатты. Эптеп сыр бербешке аракет кылып, озумду Айсалкынга корсотпоого аракет кылып журуп той да бутту. Кундор отуп байкемдер чет олкого кетишиптир. Мен шаарга кеткен бойдон кийин кайтып кеосем кетишкен экен. Эми эмне кылам? Деген суроо менен кала бердим. Ошонтип айылда журом. Коодонумдо эмне кечип жатканын ата энеме билгизбей. Кайда элен десе шаарда дос балдарымдын жанында деп койдум. Зарыл бир иш чыгып кеттим деп. Айсалкынды ото катуу суйгондуктон эч кимге конул да бура албай жаттым. Кундор да зымырап отуп жатты. Уй иштерин аткарып коюп шаарга жол тарттым. Барып кучумду арактан чыгарып, арманымды ошол арака сууга айткым келди. Анткени мени тушунгон пенде да табылмак эмес. Окуямды айтып берсем жаман болуптур деп, анан да иниси суйлошкон кызды байкеси алыптыр деген кептен алыс болгум келди. Кафеден мас абалда чыгыптырмын. Бир бала келип секире кетиптир. Чагымда бир нерсе деп айтсам керек да. Ошол жерде мушташып мен аны кан жалатып кетип калыптырмын. Эртеси козумду ачсам уйдо Бегимай журот. Тан калычтуу карап, кош келипсин. Кайдан келип калдын? Менин жашаган жеримди кайдан билесин десем, жылмайынкы коздору менен кече эмне болгону эсинизде жокпу?-деп калды. Жаман иш жасап койгон окшоймун деп чочуладым да, жок не болду эле десем. Кафенин жанында мушташып жатканынызды коруп калып чуркап бардым жанынызга, анан эле аны сабап салганынызда ал тура албай калып сиз уйго баралы деп калдыныз. Унаанызды уйго чейин айдап келип тан атканча мына жанынызда отуруп чыктым. Башыныз оорубай элеби? Жакшы элесизби деп калды. Бир ушкуруп алып, аа мен да эмне болуп кеткен экен деп ойлонуп калыптырмын деп койдум. Анын мага кылып жаткан жакшылыктарына мен ыраазы болуп, мен сенин байкен болоюн кандай дейсин?-деп сунуш киргиздим. Бирок ал кабыл алгысы келбегендей эле. Сага не болду? Маанайын чогуп кетти десем ыйлап кетти. Эч нерсени тушунбой турдум. Анда ал, - Акыл байке, мен сизди сырттан байкап жургонумо мына 5 айдын жузу болуп олтурат. Сизди коп издедим, тойдо байкадым Айсалкын сиздин суйгонунуз болгон экенин, бирок ар бир инсандын бактылуу болууга укугу бар да?-деп калды. Анын создору негедир жаккансын жашоого багыт улагандай болду. Анда мен суйгонун барбы?-десем, ыйлап жаткан жеринен кулуп эле оа ал тентек мени тушунбой жатпайбы дейт. Мени качандан бери жактырасын? Башкы суроо эмнемди жактырдын экен?-десем. Баарын токпой чачпай айтып берди. ... Бир кезде эле уйго бастырып уголовный розысканын балдары кирип келишти. Эч нерсени тушунбой эле дудаланып калдым. Сен адам олтуруудо айыпталып жатасын Акыл Мамбетович деп эле колума кишен салып калышты. Эмне болгонун тушундургулочу десем баарын отделден тушунуп аласын деп эле байлап кетишти. Уй жайды Бегимайга таштап кетип жаттым. Корсо кечээки баланы кызуучулукта кобуроок сабап койгонума байланыштуу оор акыбалда реанимация болумуно жеткирилет. Ал жерден коп отпой жан берет. Кафенин алдында орнотулган видеорегистратордон баарын корушуп мени издеп табышыптыр. Кол менен кылганды башын менен тартасын демекчи 10 жылга общий колонияга кеттим. Суйууну куноолойун десем суйуу жок нерсе го. Озумду куноологондон башка адамды таппадым. Анткени катаны озум кетирип жатпаймбы. Кайдагы бир арам сууга алданып бироону омурунон ажыраттым деп торт дубалдын ичинде отурам. Бегимай дагы бутту окшойт деп ойлоп калдым. Анткени турмого тушкон адамдын кимге кереги бар? Албетте эч кимге деген ой басты. Мындайда суйуу деле роль ойнобой калаарын тушуно баштадым. Бир кун апам келиптир мени коргону. Келип балам сени биз кыз издеп келди, кобосом болбойт деп айтты дейт. Бегимай экенин журок сезгенсип турду. Бул жактын дарегин берип койо бериниздер деп койдум. Коштошуп апам да кетти. Бегимай келип озунун номурун мага таштап бир нерсе керек болсо эле дароо чалыныз, мен алып келип берем деп калды. Ошонтип кундор да отуп мени башка колонияга которушту. 4 жыл калды эле. Калган жазаамды ошол жактан алып азаттыкка чыктым. Бегимай менен 4 жыл аралыкта бир да суйлошподук. Айсалкындан болгон элес, откон кундор баары унут болуп, Бегимай менен толуп жатты. Уйго барсам ак жолук салынып Бегимай журот. Менин келгенимди коруп эле колундагы нерселерин таштап чуркап келип эле кучактап алды. Кой дегенге карабай ыйлап жатты. Ошонтип ал менин чыныгы суйуум, кандай жагдай болбосун мени суйуп жашаарына козум жетип колун сурадым. Ал дароо эле жооп берди. Экообуз айылга апамдардын жанына бараттык. Ошол кезде менден откон бактылуу адам жоктой эле жашым 30га келип калса да. Барып ата энеме бул келининиздер болот деп тааныштырдым. Ата энем кулчулукка барышып кыздын тай эжесинин ыраазычылыгын алып кайра келишти. Той да жакындап калды. Байкемдерге чалып тойго чакырдым. Кундор отуп жатты. Той да башталды. Ошол байкемин тоюндагыдай болуп бир туугандарына соз берилди. Келип байкем куттуктап жатты Айсалкын болсо коздон жаш алып ыйлап ийди. Бактылуу болгула деп гана койду. Ошонтип той да бутуп алар да кетишти, а биз озубуздун аравабызды тартып жашап калдык.
    17 комментариев
    92 класса
    АЯЛДЫ ЭРМЕКТЕБЕ!!! Турмуш туурасында аябай эле коп темалар бар. Анткени талкууга татыктуу тема корунот. Ким эле болбосун бактылуу болууну каалайт. Аны сынары суйуп, кээ бирки учурда ала качып баш кошушат. Бирок деген, суйуу бул турмуштун отун жандырып берчуу эле бир шеренке сыяктуу нерсе го? Анткени турмуштагы ойдо - ылдый жагдайларды суйуу эмес, балким тушунуу гана которуп журо алат... - Ала качып баш кошсон да, же суйуп баш кошсон да, аял алгандан кийин ал аялга сен жоопкер болосун. Туура, аял кишинин тили бир аз узун келет. Ал дегени аны ур тепкиге ал дегени эмес да? Бироо кыжырына тийсе уйго келип алып, аялынды ургулап, очунду аялындан чыгарасынбы? Себептуу бир айып иш кылбаган болсо мейли, соз менен жеткире айтып, созго конбосо анан жазаласан болот. Анан эми жок эле жерден ур тепкиге алып, аялынды кордогон менимче туура эмес го дейм? Мындай учурлар кобунчо ичкинчиликке берилип кеткендерде кездешет. - Бир бала ичкинчиликтин артынан тушуп алат да, 10 жыл бою суруп ичет. Ал ортодо аялы байкуш кетип да калбайт уйуно. Кун сайын ичип келип алып жон жерден уруш которуп, жон жерден аялын кок ала кылып уруп кирет эле. Бирок жараткандын ырайымы менен ичкинчиликти таштап, азыр намазга жыгылып, айтор жакшы адам болуп калган. Бир куну чай устундо олтуруп сураптыр; - катын? Мен ичип жургондо эмнеге менден кетип калган эмессин? Азыр ичкен адамдын жанында отурсам жийиркенем, а сен бир тошокто кантип жийиркенбей жатып журдун? Булганган кийимдеримди жийиркенбей жууп? - дегенде аялы жооп берет; - эх жаным, балдарымды жетим кылып кайда бармак элем? Турмуш деген ушунусу менен кызык да. Кайсыл эле уйдо болбосун чыр-чатак чыгат. Бирок аны элге жарыя кылбай, мындай эле оз ара чечишип алса болот да? Анан да олсом олугум ушул уйдон чыгат - деп озумо ант бергем. Сиз кандай болгон учурда да менин жолдошумсуз. Ал дегени мен учун жоопкерчилик сиздин моюнунузда. Сиз катыган нан жесениз, мен да шерик болом. Сиз ачка калсаныз, мен да ачка калам. Анан да, эрден чыгып барсам эле жакшы болуп кетмек беле? Баланчанын кызы эрден чыгыптыр деп, корунгон мага башкача коз менен карашын каалабайм, ак нике менен баш коштук, демек акырына чейин барам. Барына шугур кылып эле жашагым келет. Сиз мени ала качып келсениз деле сизди жактырдым, ошондуктан да сизге турмушка чыктым. Айдын ош бери карангы болсо, он беши жарык болооруна ишенгем - деп куйоосун осол кылат. Мына кордунорбу? Аялдын акылдуулугун. Эгер сен ичкинчиликке берилип кеткен болсон, ага сенин аялын да эмес, ата-энен да эмес бир гана озун куноолуусун. Алына карап анан ичимдик ичпейсинби? - деп айткын келет андай адамдарга. Бирок деген жон жерден туруп эжелеринин созуно кирип, ата-эненин созуно кирип аялды уруу бул туура эмес. Жашагын келбеген болсо анда бироонун баласын кыйнабай, жон гана жообун берсен кетет ал деле. Бирок сен оз моюнуна аялындын оор, женилин которууго ыраазы болуп уйлондунбу? Демек эки тарапты тен алып кетууго араткет жаса. Алсыз болбоого аракет кыл. Анткени аял киши устомдук кылган уйдо, береке да качат. Ошондуктан уйдун бут туйшугун оз моюна алгын!!!
    3 комментария
    67 классов
    2002 - жылы Россиянын алыскы чыгышындагы Арсеньева шаарында бир келин кош бойлуу болот, аялдын өзүнүн айтуусу боюнча бул анын 12 чи жолу боюна бүтүшү экен. Ар дайым боюнан түшүртүп аборт жасата берген келин бул жолу да аборт жасатууну көздойт бирок мөөнөтү чоңоюп кетип айла жок баласын жарык дүйнөгө алып келет. Ошентип 2003- ж.28 - январында келин кыз төрөйт ага Диана деп ысым ыйгарылат. Өзү каалабаган наристенин жарык дүйнөгө келишине нааразы болгон аял кызга мээрим төгүп бөпөлөмөк тургай 3 жашка чыккыча кордоп күн өткөрөт. Диана 3 жашка чыкканда апасы аны балдар үйүнө тапшырып кутулат, балдар үйүндө массажист болуп эмгектенген Ирина Поник карагаттай көздөрү муңдуу караган кичинекей кызга мээримин төгүп өзгөчө жакшы көрүп кызды багып алууга ойлонот. Көп өтпөй Ирина айым 3 жашар кызды өз карамагына алып кызындай көрүп багып алат. Диананын өз апасы кызын көрүүнү каалабагандыктан Ирина Поникке "бул жерлерден алыска кетүүсүн" сунуштайт. 2012- ж Ирина кызын алып Толятти шаарына келип жашоосун улантканга аргасыз болот. Толяттиге келгиче Диананын көз алдына кичине кезинде өз апасынын ургандары кагып силкип адам ордуна көрбөй мамиле кылганы элестеп денесин калтырак басып кыйналып жүргөнүн көз алдыңыздарга келтириңиздер. Жаңы шаар эне - кызга жаңы жашоону жаңы ийгиликтерди тартуулап Дианага ар кандай балдар конкурстарына катышууга ырчылык талантын өркүндөтүүгө жол ачылат. Диана "Мелодия" вокалдык студиясынан сабак алууга каттай баштайт. Натыйжада өспүрүмдөрдүн "Голос" телеберүүсүнө, "Ты супер" телешоусуна катышып ийгиликтин чокусун багынтуу бактысына ээ боло алат. Андан тышкары канча кароо сынактарга катышып 1- орунду бербей келет. Эстрада ырчысы Нюша менен болгон дуэтин эл абдан жакшы кабыл алып Диананын көпчүлүккө таанылуусуна жол ачылат. Жакында жаштыгынан кыялданган оюун ишке ашырып Диананын продюссери Москва шаарынан квартира белекке берди. Диана өзгөчө үнгө ээ абдан таланттуу кыз ырдоодон башка сүрөт тартууну да келиштирет. Игор Крутойдун айтуусу боюнча Диана Анкудинова "Детское Новая волна" конкурсунда Россиянын намысын талашмакчы. Диана мындан ары да ийгиликтерди багынтып жүрө бер, эл сүйгөн дүйнөгө таанылган жылдыздардын катарын толукташыңа тилектешмин. Диана биологиялык апасын эстегиси келбейт жана өз апасы деп Иринаны эсептейт. "Тапкан эне эмес баккан эне" - дегендей Диананын вокалдык талантын байкап кызынын ийгиликтерди жаратуусуна ишенип ар тараптан колдогон апасы Ирина Поник айымга даңк! Сара Камалова.
    2 комментария
    77 классов
    Атаке сизди сагындым..... --Уулум, мен эртеби кечби алыыс жакка сапар алам, ошол кундон баштап апандын жолоп таянары, женилин жерден, оорун колдон алаары, сенсин.... --Кайра тез эле келесизби? Мен сизди сагынам, бирок менден да катуу апам сизди сагынат экен, эмне учун билесизби? Сизди докдурлар алып кеткен куну апам тан атканча уктабай менин жанымда болду, анан ал жараткандан сиздин омурунузду, батыраак айыгып кетуунузду тилеген сайын, анын коздорунон жаштар тынбай куюлуп атты, аны коруп мен да кощо ыйладым....эми алыскаа кетем дейсиз апам кантээр экен???...Ата, кетбей эле коюнузчу, эгер копго кечту болсонуз апам экообузду да кошо ала кетинизчи.... --Кулунум менин жалгыз туягым, тентегим десе..... силерге азыр ал жакка барганга болбойт, мен силерге тез тез келип турам.. --Чын элеби? --Оа, чын эле...даайымы жанынарда болом.... Тентектиктен билбептирмин атамдын, Келбес жакка алыска сапар алганын. Жузунон суйуп албайт белем кучактап, Билгенимде ажырап андан калганым.
    22 комментария
    262 класса
    💞СҮЙҮҮБҮ ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨБҮ? ******************************* “АЛА КАЧЫП, БАКТЫМДАН АДАШТЫРЫШТЫ” – Тагдырдын сыноосу 17 жашымда эле башталды. Окууну бүткөндөн кийин кошуна айылдык бир жигит мени ала качып кетти. Ата-энем көз жашыма түтпөй, ошол эле күнү алып баса беришти. Ошол окуядан кийин тез эле борборго окууга кеттим. Максат-тилектерим аябай көп эле. Окуумду бүтүп, илим менен алектенгим келип Илимдер академиясында да иштеп жүрдүм. Ошол жылы мен Нурлан аттуу жигитке жолугуп, аны аябай жактырып калдым. Анын жердиги көлдүк, мен баткендик болчумун. Бирок биздин сүйүүбүзгө тоскоол боло турган эч нерсе жоктой көрүнчү. Ошол күндөрү мен эс алууга чыгып, туулган жериме барып келмей болдум. Кийин айылыма келгениме аябай өкүнөрүмдү билсем кана?! Келбей койсом эмне? Айылга келгенде эле чоң атамдын карындашы мени көрүп, өз баласына ылайыктап койгон тура. Мына кетем деп жаткан күнү ала качышты. Бул жолу дагы басып кетиштен тартындым. Эртең эле “кара далы болуп калды. Эмнеге эле кыйын болот?” деген сөз ээрчирин билдим. Аргасыздан тагдырыма баш ийип отуруп калдым.  Шаарда окуп калган кыздар мени тү­шүнүшсө керек. Шаарда жүрүп аң сезими өсүп калган адам менен айылдан сыртка бир кадам чыкпаган, көз карашы чектелген адам эч эле тил табыша албайт экен. Күйөөмдү карап күлөйүн дейм, күлө албайм. Сүйлөйүн деп сүйлөй албайм. Эч жүрөгүм жылыбайт. Төшөккө жаткандан заарканам. Балким, бооруна тартып жылуу сөзү менен имерип алса көнүп кетет белем, ким билсин?! Бирок ал антпеди. Ыйлай бергенимден улам ата-энем алып кетишти. Шаарга кетейин десем, апам “турмушуң бузулду. Сенин тагдырыңды ойлой берип ажалымдан мурун кайтып кетпейин. Кандай болсо да, көз алдымда бол” деп жөнөтпөй койду.  Ошол учурда Нурлан менин ажырашканымды угуп, мени күтүп жүргөнүн бир таанышымдан уктум. Бирок ага барганга акым жоктой туюлду. Качандыр бир кезде “сен мага жубан тийгенсиң?!” деп жиберсе эмне болот деп эзилдим. Экөөбүздүн ортобуздагы булактай таза сезимди булганыч сөз аралашын каалабадым. Ошол күндөрү мага кайрадан жуучу келди. Апам “кызым, мага караан болуп жанымда бол. Ушул жигит сага ылайык” деп туруп алды. Ошентип, жүрөгүмдө кенедей жылуулук жок туруп кайрадан башка адамга баш коштум. “КАЙРАДАН КЫЙНОО”  – Турмуш өтүп жатты. Күйөөм беш маал намаз окуган такыба адам. Мен деле Кудай деген адаммын, бирок күйөөмдүн туура эмес кылыктары менин динге болгон урматымды өчүрүп салды. Күйөөм арабча билип дин эрежелерин аткарганы менен, адамдык сапаты мактанарлык эмес эле. Мээрим, жакшы сөз, сүйүү күткөн менин көкүрөгүм какыраган чөлдөй болуп какшып баратты. Аны менен кимдин иши бар? Кантейин, эки кызым үчүн жашап жүрдүм. “Элдин аялдары уул төрөйт экен. Кыздарыңдан сенден артык аял чыгат дейсиңби?” деп кулак-мээмди жей бергенинен уул төрөп берсем, балким, мамилебиз өзгөрөт деп ойлодум. Айрым бактылуу аялдардай болуп мен жөн салды да бала көтөрө алчу эмесмин. Талгак болгондо башымды көтөрө албай кусуп, тим эле адам чыдагыс абалга келип калам. Күйөөм менин бул абалымды түшүнбөй, кайрадан мээмди эзип баштады. Куру дегенде эки ай чыдап койсо, балким, уулдуу да болуп калат белек?! “Элдин аялдарындай тууй албагандан кийин барып алдырып сал!” деген сөзүнө өчөшүп, баланы алдырып салдым. Ошентип, келечекке болгон үмүтүм үзүлдү. “12 ЖЫЛДАН КИЙИН...”  – Ошентип эзилип жүргөн күндөрүмдө тагдырдын мага боору ачыдыбы, бактым алдымдан чыга келди. Ооба, так ошондой болду. “Ош базарында” Нурлан экөөбүз капысынан кезигип калдык. Бири-бирибизди көз ирмемде тааныдык. Он эки жыл... Ушул жылдарды моюнума албасам да, Нурлан эч оюмдан чыкпаганын ошондо туйдум. Экөөбүз ал-жай сурашып кафеде отурдук. – Кандай анан? Бактылуусуңбу?- дедим мен анын көздөрүнө тигилип.  – Бактылуубу? Ооба, бактылуумун. Балдарым бар. Баладан ашык бакыт жок го бул жашоодо... А өзүңчү? Бактылуусуңбу?  – Менби? Мен... Мен...- деп алып эле ыйлайм. Чын эле мен бактылуумунбу? Эл катары күйөөм, балдарым, үй жайым бар. Эгерде бакыт ушуну менен эле чектелип калса, анда мен бактылуудурмун. Бирок эң негизгиси, эң маанилүү нерсе жашоомдо жок болуп, карайлап турбаймынбы. Ушуну ойлоп бактылуу же бактысыз экенимди билбей ого бетер ыза болдум.  – Ыйлабачы... Нурлан мени жалооруй карап саамайымдан сылады. Мен ого бетер энесин эми көргөн жаш баладай өпкөлөп ыйладым. Баарынан ыза болгонум, он эки жыл коюнунда жатып, эки бала төрөп берген күйөөм бир да жолу көзүмө тигиле карап, көз жашымды сүртпөгөн эле. Көрсө, мен кадимки эркектин мамилесине, мээримине куса болуп жүргөн экенмин. Нурлан көзүмдүн жашын унчукпай аарчып отура берди. Анан машинасына салып үйүмө жеткирип койду.  Нурланга жолукканга чейин жөн гана жашап жүргөнүмдү түшүндүм. Эми мага аалам башкача көрүнө баштады. Узак жылдар бою эч нерсе туйбай, эч нерсе билбей тек гана энелик, аялдык милдетимди аткарып жүргөн экенмин. Мындан ары минтип жашай албасымды билип, күйөөм менен ажырашууну чечтим. Чынын айтсам, Нурлан менен деле бирге боло албасымды билип турам. Анткени анын төрт баласы, алмончоктой жары бар. Он эки жылдан кийин келип алып алардан Нурланды талашканга акым жок. Ырдап жүрөт го “пройти, хотя бы раз, по краешку твоей судьбы...” деп. Так ошондой аз гана убакытка болсо да, Нурлан менен тагдырлаш болсом дейм. Андан балалуу болгум келет. Жашоомдо өзү болбосо да, анын кичинекей бөлүгү менде жашайт эле.  Бир күнү чындап эле жиндилик кылдым. Нурланга чалып, менден балалуу болгуң келеби дедим. Ал күлүп жиберди да “надо подумать” деди. Билип турам, бул кылыгым, албетте, күнөө. Бирок жалгыз мен күнөөлүүмүнбү? Эгерде эски салт менен тагдырыма балта чаппаса, мен да бактылуу болмоктурмун. Эмне үчүн менин аз да болсо бактылуу болгонго акым жок? Мени айрымдар көпкөн аял же акылсыз жан экен деп ойлошор. Демек, алар мендей дил азабын тартышпагандар. Сүйүү бар экенин билбегендер. Жакында күйөөм менен сүйлөштүм. Кыскасы, бул чечим менин экинчи төрөлүүм болду деп ойлойм...
    2 комментария
    34 класса
    Мен бактылуумун =============== Алло жаным кандайсын? - Мен жакшы, озунчу, ден соолуктарын жакшыбы? Оорубай журосунбу? - Ооба жакшымын, сага деген кусалык гана мени кыйнабаса менде баары жакшы... - Чыда жаным, аз гана убакыт калды, бир жылдан ашык куттук, эми уч ай калганда чыдап кой, мен да аран журом... Окуумду бутойун деп калдым ашыгым... -Ананчы сени канча болсо дагы кутомун, бирок кайтып келсен гана болгону.... -Жаным барганда сага бир нерсе айтамын... -Макул... Кутомун, чыдамсыздык менен... -Жаным мага убада берчи! - Кандай убада? - Мени менен туболук бирге болом деген... -Акмагым, омурумдун акырына чейин бирге болом сен менен... - Рахмат жаным, жакшы жат эртен эртереек туруп сабагына барышын керек!!! - Периштелер тушуно кирсин, байка шоктук кылба, кыздарга коз салбагынын ))) Мына ошентип, кундон кунго сагынычым дагы артып бара жатты... Эми уч ай кантим отот экен деп чыдамсыздык менен кутуп жаттым, кулундогон суротун кучактай уктап кетипмин... Тушумдо Сымбаттын купкуу болгон, капалуу жузун кордум, мурун дайыма шайыр шатман жузун корчумун... Ошентип чочуп ойгонсом тан атып калыптыр, кийинип алып сабакка жонодум, бараарым менен эле, шакылдаган курбу кызым... Эмне болду Сымбат менен суйлоштунбу? Ооба кече суйлоштум, уч ай калыптыр окуусун бутушуно... Оо жакшы го, шатырата чет тилинде суйлоп келет экен да э? Ооба деп жылмайып койдум, кыялым алыстарга учуп, Сымбатты коз алдыма элестетип, ушунчалык сагынганымды сездим, кечээки бирге болобуз деген создорун эстеп, толкунданып кеттим.. Кызык барганда бир нерсе айтам деди. Ал эмне болду экен... Уйлономун деп айтса керек, деп жылмайып алдым... Окуумдан келип, дароо эле Сымбатты издеп сайтка кирдим, бирок ал жок эле... Колу бошобой журсо керек... Бир сыйра суротторун карап олтурдум... Экообуздун бактылуу кездеги суроттор... Билинбей суйлошконубузго уч жыл отуптур, экообуздун арабызда уруш деле болбоптур, жон гана тултундаша кетебиз.. Ким куноолу болсо ошонубуз дароо кечирим сурайт элек... Ал Америкага кетем дегенин укканда бир кун анын кучагынан чыкпай ыйлаганым эсимде... Эми мынтип уч гана ай калды, кубанычым койнума батпай турган кези... Ошентип эртеси куну дагы суйлошо албадым... Бир аз кыжаалат боло баштадым.. Адатта экообуз суйлошмой сайын уктабайт элек... Бир жума отуп кетти, телефону очук, кабатыр боло баштадым.. Айтор тынччылык болсун деп тиленип олтурдум... Кайрадан сайтка кирип умутум узулбой, кутуп олтурдум.. Суротторду кайрадан коруп чыктым... Ошол кезде анын статусу онлайн болду... -Берекем кайдасын, мени кыжаалат кылып жибердин дедим чыдабай... - Салам деди суз гана... -Эмне болду, кайда болдун? - Барганда айтам, эртен учам... - Эмне болду, али уч ай бар элего, тынччылыкпы,? - Тынччылык эле, жон эле сени сагындым... Ошентип, так секирип кубандым... Бирок журогум башкача болуп, кумон санап тынчызданып жатты... Эртеси аэропортко барып, алдынан тосуп чыктым... Менден эки метр аралыкта, мага карай жылмайып турду... А мен дароо эле мойнуна асылдым, экообуз залдын ортосунда кучакташып турабыз... Берекем кайтып келдинби, кандай сагынганымды билесинби? Деп булдуруктай суйлой бердим... Анан ал апаларына кетти... Уйго келип, эмнегедир Сымбатка капа боло ыйлап жибердим... Эмне мынча суз болуп калган? Же башка бироосун таап алдыбы? Жок болушу мумкун эмес деп жаттым, дагы да сагынычым таралбай жатты, дагы да коргум келип турду... Апалары менен саламдашкан сон,звонок кылаар деп кутуп олтурдум, бирок эч кандай звонок келбеди... Же анын жаны номерин билбейм.. Эртеси чыдабадым, уйуно жетип бардым, эшигин такылдатайын десем, ачык экен... Сымбаттын кичинекей карындашы ойноп олтуруптур... Сымбатты чакырып койчу дедим... Сымбат байкемди, апамдар алып кетишти, оозунан кан чыкты, анан апам ыйлады... Деп булдуруктай бир нерселерди суйлоп жаттым... Кулагым тунарып, оюм ар нерсеге кетти... Кайра ал кызга кайрыла, эмне бироо менен мушташтыбы дедим... Жок катуу жотолду, анан кан оозунан кооп кан чыкты, деп аянычтуу коздору менен карап турду... Дароо эле оорукананы коздой чуркап жонодум... Залда, бир жерден козун албай олтурган апасын кордум... Ондон азып, кубарып кетиптир.. Дароо эле колунан кармап, тизелей олтуруп эмне болду дедим? Уулумдан Сымбаттан айрыла турган болдум, жалгыз уулумдан... Деп козунун жашын кол кылып жатты.. Эмнеге? Кандайча? Тушундурунчу? Байкушум опкосуно суук откоруп алыптыр, отушуп кетиптир, врачтар онолбойсун дейт... Берекем жакында эле айтып жаткан, апаке жакында барып эле келиндуу кылам деп жаткан, кубанычымды таш капты... Деп солкулдап ыйлап жатты... Оордумда нес болуп эле катып калдым... Демек эрте келгени ошондон экен да... Палатага кирсем, уколдун таасиринде уктап жатыптыр... Ушунчалык сагынган элем, чыдамсыздык менен куткон элем, эми ушинтип кете бересинби жаным... Ичим ачышып орттонуп бараттым, жанына барып, анын жаздыгына башымды коюп, кучактап жаттым... Жаным ойгончу,айтпадын беле бирге болобуз деп, дуркурото той берип, мотурайган балдарыбыз болот дегенин эсинден чыгып калдыбы? Эч болбосо мени ойлоп койчу, сенсиз кантип жашаймын... Журогум жарылып кететго... Жашымды токтото албадым, канча ыйлаганымды билбейм, уктап кетипмин ойгонсом Сымбат чачымдан сылап жатыптыр, коздорунон жашын жаздыкка тамчылатып жатат... Мени коруп, ары карап алды... Жашын аарчып алып мени карады, алтыным, озунду жакшы кара, мени ойлоп коп сыгыла бербе... Озундун тенинди таап бактылуу бол! Чуушь Сымбат унчукпа, башкасы айтса дагы сен ушинтип айтпачы, суранам журогумду бычак менен тилип жаткандай болуп жатасын... Деп ыйлап жибердим, ал дагы чыдай албады, жашоонун ушундай ачуу сыноосуна экообуз тен ыйлап жаттык... Бир аз сооронуп, менин жузумдон аярлай ооп койду, чачымдан сылап аябай сулуу болуп кетипсин... Билесинби сага барганда бир нерсе айтам дегем... Мен сага уйлоном деп сунуш киргизейин дегем... Ошол суйлошкон куну, аябай кыйналып чыктым, тез жардам чакырып ооруканага барсам, айыкпайсын дешти... Оюма апам жана сен келдин... Бир жума нес болуп, жаттым... Олсом дагы Кыргызстанга барып олойун дедим, кызыл диплом менен бутойун деп жаткам, аны да таштадым... Корумо кошо алып кетет белем дипломду... Ошон учун жаным, апама коз сала жур, экообуздун бактылуу болуп жашашыбыз, насип кылбаптыр деп, мени кучактап чачымдан жыттап алды... Уну кыргылдана, дагы бир жолу бактылуу бол деди.!!! Суйуктуу адамындан бул созду угуу, болгондо да башка бироо менен бактылуу бол дегени, жанына тийип, кетет... Ошондон коро, мага арманын айтып ыйлап алса болбойбу... Ошол кундун эртеси, Сымбат дуйнодон кайтты, кабыргам кайышып, жанымдын бир болугу кеткендей боздоп кала бердим. Уйумдун бурчунда бук тушуп, ыйлай берип коз жашым дагы соолуп бара калды... Келечектеги бактылуу уйбуло болобуз деген кыялдардын таш талканы чыкты... Сымбатсыз жашоомду элестете албайт элем... Болочок жарымдын Сымбатымдын оордуна эч кимди кое албайт элем... Озумдун жашоо тиршиликке аралашканым менен, ой жугууртум, бир нерсеге кызыгуум, сезим деген олуп калган эле... Болгону менин турган турпатым гана адам санын кобойтуп турду... Апам чебелектеп, жаны калбай конулумду которойун дейт, курбуларым келип аракет кылат... Бирок мен олгон адамдан айырмам жок эле... Сымбаттын элеси коз алдымдан бир секунд дагы кетпеди... Мындай сезим менен жашоо мен учун кыйын болуп кетти... Бир сыйра жуунуп алып, Сымбатка жаккан желбиреген ак койногуму кийдим, анан олтуруп акыркы катымды жаздым.. Апаке атаке, мен сиздерди жакшы кором, мени кечириниздер, мен бул жашоодо Сымбатсыз омур суро албайм, онолгон ченде деле мен бактылуу боло албаймын. Мен Сымбат менен туболук бирге болом деп соз бергенмин, мен Сымбатка барамын... Кош болунуздар!!! Деп стол устуно койдум дагы, Сымбат жаткан мурзого карай бет алдым... Жаны гана комулгон Сымбаттын топурагынын устуно чоп чыга баштаптыр... Устуно чыгып, топуракты кучактап жаттым... Козум жумулаар замат, Сымбаттын кубарган жузу мага карап турду... Кет дегенсип колун жансады... Канча ээрчисем дагы, ээрчитпей жини келгендей тур корсотту... Демек менин барганымды каалаган эмес. Кайрадан уйго барып, стол устундогу катты алып айрып жибердим... Эсиме Сымбаттын апама коз сала жур деген созу келди... Уйуно барсам апасы катуу ооруп жатыптыр, дары дармек сатып алып келип, кучтуу тамактарды жасап берип жаттым, бир ай дегенде жакшы болуп калды... Анан апасы мага кат берди... Сымбат калтырып кетиптир... Анда мындай жазылган: Билем сага оор, менсиз кыйналып, мумкун олом деп дагы аракет кылаарсын... Озун озу олтуруу бул чон куноо, эсинди жый... Мен сага ишенем сен акылдуу, кучтуу кызсын... Созсуз бактылуу болосун... Коп отпой суйууго дагы кезигесин деп жазыптыр!!! Ошондо ал не дегени тушунбодум!!! Коп отпой эле жашоомдо бир жигит пайда болду, баардык жагынан бар, ыйманы, билими, сулуулугу... Менин арманымды онойлотуп койду, конулумду которуп тез эле тил табышып кеттик... Ал жигит Сымбаттын ишенген досторунун бири экен... Оной эле тил табышып кеттик, бир жыл болбой уйлонуп алдык, жомоктогудай жашоого кезиктим, уул тородум... Бирок Сымбат журогумдун торундо, очпос элес болуп кала берет... Менин бактылуу болушумду Сымбат каалаган эле, озунун ишенген адамына менин бактылуу болушумду тапшырып кетиптир...
    11 комментариев
    133 класса
    Кыз: - Сизди суйбойм. Жигит: - Бир кезде суйчу элен. Кыз: - Баары озгоргон. Бир кезде тагдырдын оюнунда женилген элем. Эми ал оюндун эрежесин озум тузуп атам. Жигит: - Туура, озгоргонсун, жашоон озгоргон. Бирок, бир нерсе сенин коздорун ошол бойдон. Таш боордун бет кабын кийип алсан да, коздорун айтып турат. Мага болгон махабатынды коздорундо сактадынбы, мээримдуум. Кыз: - Сизди алдап болбойт. Жигит: - Сен калп айтканды билбейсин. Кыз: - Озум да билбейм бул жерге эмнеге келгенимди. Жигит: - Мени коргун келгенда. Кыз: - Ооба, сизди сагындым. Жигит: - Сени бул жерге суйуунун кучу алып келди.
    5 комментариев
    82 класса
    Ар бир адам бирөөнү ушак кылуудан алдын артын бир карап туруп сүйлөсө жакшы болмок. « Бирөөнүн башындагы чөптү көрбөй, өзүңдүн башыңдагы төөнү көрүп ал»—деген сөз негизинен туура. Адам баласы өзүнүн күнөөсүн же катасын айтуудан көрө бирөөнү күнөөлөп , ушактап айтканы оңой көрөт. Менин кылган күнөөм үчүн, ал ушундай тыянак чыгарды деп ойлонгондо балким ажырашуу, талашуу ,урушуу азаят беле ,. '.......? Айтор ким билет! Келгиле адам болуп төрөлгөн соң, адам бойдон эле өтөлү. Кечиримдүү бололу. Жараткан Аллах кечирип жаткандан соң аа биз ким болупуз кечире албаган. Көңүлүңдү каттуу оорутуп , капа кылса да Аллах үчүн кечирип бирок мамилени такыр үзүп койгон оң деп ойлоп каламын. Эмнеси болсо да жалгыз бирөөнү сүйүп, сүйүктүү жар болуп жашагыла!
    0 комментариев
    49 классов
Тагдыр суноосу "КУТУУСУЗ БУРУЛУШ" Эрте менен тан атып калган эле. Терезени жаап салгандыктан болмонун ичи карангы. Козумду ачсам эле саат 12. Сыртка чыгып бетими жууп атсам досторум келип калышты, Акыл бугун шаарга барып келбейлиби деп? Макул болуп унаамды айдап чыктым. Жолдо баратып курсагын ач болсо керек уйкучу дешип бир кафеге алып киришти. Шам-шум этип алып кайра жолго чыктык. Рулда баратсам суйууктуум чалып калды. Акыл мен Ошко баратам тосуп аласызбы?-деп. Макул канчада самолет конот экен десем, тунку 11лер чамасында болуш керек деп койду. Макул деп достор менен айтышкан жерине жетип аларды силер кирип чыккыла а мен бул жерде эле десем, алар вечеринка уюштуруп 3 кыз 3 бала болуп отура
Показать ещё