Секелек кызды 9 бала колдон-колго өткөрүп зордуктап жүргөн”. Акыйкатчы жан кейиткен окуя тууралуу кабарлады Жамиля Жаманбаевага кайрылган аял 13 жаштагы кызы топ балдардан кордук көрүп жүргөнүн, укук коргоо органдары чара колдонбой жатканын айткан. “Сокулукта бир жылдан бери кызын 19-22 жаштагы 9 бала системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Январь айында дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин табылган. Ошондо гана кыз балдар менен иштөө инспекторлоруна айтып берген. Анан ата-энеси билип, милицияга арыз жазган”, — деп айтылат маалыматта. Эненин айтымында, алгач тестиерди 20 жаштагы жигит алдап унаасына салып, шаардын четине алып б