Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апамды теңине албайт, аны жек көрүп баратам
Aпам экөөбүз азык-түлүк алганы супер маркетке барганбыз. Көнгөн адат боюнча базарга эле түшсөк болмок экен. Конфет тандап жүрүп жездеме жолугуп калдык. Бизди карan, учурашпай басып кетти. Мен го мейли, апама боорум ооруду. Байкушум эмне кылаарын билбей, «кел муну aла берели» деп алдактап калды. Үч бир тууганбыз уулусу эжем, мен ортончусу, кичүүсу иним. Апам бизди жалгыз өстүрдү. Эч качан катуу сүйлөп урушкан эмес. Контрагыбыздын акчасын төлөш үчүн түнү менен иштеди. Апам өзүнө эч нерсе сатып алчу эмес, биздин эски кийимдерди кийип алат эле. Жездемдин ата-энеси бай. Бизди теңине албайт. Эжем үйгө келгенде чогуу