КОЗДУН КЫЗАРЫП ,ЧАРЧООСУН КАНТИП БАСУУ КЕРЕК?
Убакыттын өтүшү менен сыналгылардын, уюлдук телефондордун, компьютерлердин, жасалма жарыктардын жана ачык түстөрдү камтыган жарнамалардын жаңы түрлөрү көбөйүүдө. Булар адамдын организмине түздөн-түз терс таасирлерди берип, көздөрдү тез эле кызарууга жана чарчоого дуушар кылышат. Мындайда албетте, көз айнек тагынып алуу менен стилдүү көрүнүп жүрө берүүгө болот. Бирок, кызаруунун, чарчоонун кам көрүүгө муктаж жагдайлар экендигин биринчи эске алган дурус.
Компресстер
Укроп. 1 чай кашык укропту жарым стакан кайнак сууга 10 мүнөт демдейсиз. Аны марлядан сүзүп жиберип, эки идишке бөлүп куюп кечке чейин тыныктыруу керек. Уктаар алдында бирин муздак