Болбоско ызаланып, жан дүйнөм ыйлаганда,
Карабай коюуга эч, көңүлү кыйбаган да.
Бир чекем карарганы, көзүнө илинсе эгер,
Акылга салып мени, жамандан тыйган ал да.
Так кылып заарылдыгым, телегейим тегиздеген.
Өстүрүп келет мени, айталгыс сезим менен.
Бир жерим ооруксунуп сыркоолоп калсам эгер,
Аярлап карайт дайым "оорудум" дээрим менен.
Көөдөнүм бөксөргөндө, көңүлүм алат дайым,
Ал менин болгон сындуу учуучу канаттарым.
Барлыгым, байлыгым да жашоомдо өзүңүзсүз,
Мен сизге ачайыны дуйнөмдүн барактарын.
Сезимдин бийиктерин, бир сизден жолуктурам,
Кетиптир жан дүйнөмө башкача толуп туман.
Тик карап жүзүңүздү, сүйүүмдү айталбадым,
Кечириң апа мени, ызаага толуп турам.
Кечириң жаным апа ызаадан соолуп турам.
Автору: Надира Токтобаева 28/07/19. 18:28


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4