Арманым бар айта алам сиздерге,
Жаңылабыз пендебиз го биз деле.
Жазып тайып колдон сотка ыргыды,
Мына кырсык аны алыстан издебе.
Учуп барат эң кымбатың алдыңда,
Кол сунулат көз чакчаят сестене!
Ташка түштү бычырады тез эле,
Дүйнө кетти колдор калды өзү эле.
Кайгырганды жиндегенди айтпагын,
Калса гана мамык кебез төшөлө.
Баары өлдү күн караңгы жашоо жок,
От өчкөндөй отурдум көпкө өзөрө!
Кулак чуулдап көз караңгы өлүмдөй,
Ок тиийгенсип ич ачышат көрүнбөй.
Контактылар көз ирмемде жайылат,
Инста фейсбук мээңде турат бөлунбөй.
Көпчүлүккө маалым го бул окуя,
Капа болбой окуп койгун сөгүнбөй!