«Үч чыпка»
Улуу адам чыныгы пас болгондон уялбайт,
Умтулгандар мансапка мындай ишти туя албайт.
Бир адам Сократка келет да, мындай дейт:
- Досуң мага эмне деп айтканын билесиңби?
- Токтой тур, шашпа, - дейт анда Сократ: - Алгач айта турган сөзүңдү үч чыпкадан өткөзүп ал.
- Кандай үч чыпка?
- Бир нерсени айтардан мурун үч суроо менен текшерип, чыпкадан өткөрүп, бышыктап алууң керек. Биринчиси, чындын чыпкасы. Сен ошол айта турганыңдын чын экенине кепилдик бересиңби?
- Жок, мен жөн гана укканымды айтайын дегем.
- Жакшы, демек, сен айтар сөзүңдүн чын-төгүнүн билбей туруп келдиң. Андан экинчи, жакшылыктын чыпкасынан өткөрөбүз. Сен мага жакшы нерсе айтайын дедиң беле?
- Жок, тескерисинче...