АЙРАН БЕТТИ АГАРТЫП , НАЗИК КЫЛАТ!
Кургак териге
3 аш кашык талканды идишке салып, үстүнө аны көмгүдөй кылып айран куясыз. Жакшылап аралаштырган соң бетиңизге жаап, 15 мүнөттөн кийин жууп саласыз. Анан майлуу кремден сүйкөп койсоңуз, териңиздин кургактыгы билинбей калат.
Териңиз майлуу болсо, эртең менен бетиңизге айрандан тегиз кылып жаап, 15 мүнөттөн кийин салкын сууга жууп салыңыз. Бул майлуулукту азайтуу менен катар бетти назик кылат жана агартат.
Бир жумуртканын агы менен 2 аш кашык айранды аралаштырып бетиңизге сүйкөйсүз. 15 мүнөттөн соң салкын сууга жууп салсаңыз, териңиз кургабайт.
Түбүндө шекер кошулбай ичилген кофенин жугу калган идишке 2 аш кашык айранды куюп, жакшылап аралашт