ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ...
Баары мени, менден жакшы билишет
Мен өзүмдү аларчалык билбеймин
Кээ бирлери жамандаса "туура" - деп
Өзүмдү өзүм алар менен тилдеймин
Жек көргөнүм жалгыз өзүм башында
Жиним келет күзгү турса кашымда
Жакшы болуп көрүнөм чын, көбүнчө
Жарчы болуп, бирөөлөрдүн ашында
Бул ырды мен күлүп, ыйлап жараттым
Жүрөгүмдү тилип, тытып канаттым
Кара кылып, калдым окшойт каарына
Азыр дагы ап-апакай барактын....
02.06.20 Идрис акын