Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Баарыбыз сүйүүдөн сөз айтабыз, апа сизди жакшы көрөм... Сүйгөнүм сага жанымды берем... Бир тууганым сен менин бар байлыгымсың... Бул сыяктуу бир канча мисалдар бере алам. Бирок айткандарыбыз канчалык туура? Айтканыбыздын үстүндө канчалык тура алабыз? Сүйүүдө таарынуу, капа кылуу, азаптоо болбошу керек. Өтө жакшы көргөн кишиңди кантип капа кыласың? Жаным сага садага деген кишиң таштап кетсе, эмне үчүн сүйүүңүздү жек көрүүгө айлантасыз? Сүйөм деген кишиңизге кантип капа болосуз? Кантип ал кишиге кыйкырасыз? Кантип кол көтөрөсүз? Сүйгөнүңүздү ачууга алдырып уруу, капа кылуу, таарынтуу үчүн сүйөсүзбү?