Свернуть поиск
Бактыгул Сариева
Последний визит: 19:27
Фид
Бактыгул Сариева
поделилась заметкой9 мая
ЧЫККЫНЧЫЛЫК
3- БӨЛҮМ Ал болсо эки колу менен ичин кармап, кулап бара жатты. Мен болсо ичимдеги өчүмдү алып, каргап-шилей бердим. Полго кулап түшкөн Жамал мага тигиле карап: — Жөндүү каргыш жолун табат, жөнсүз каргыш ээсин табат! Каргышың кара башыңа көрүнсүн! Алла жазаңды берсин! — деди да, Сейиттин жардамы менен ордунан туруп, бөлмөдөн чыгып кетти. Ачуудан жарыла тургандай болуп токтобой сүйлөп жаткан мени көрүп, апам күйүп-бышып: — Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем желмогузсуң, — деп ачууланып, айласы түгөнгөндөй сүйлөдү. — Айналайын, сен эми кеткен кишисиң! Бизге тынчтык бер! Өз үйүңдө тынч отур! Мени ойлосоң, себепсиз эле келе бербе. Сыйың менен анда-санда кел. Мага Жамалдан артык эч ким карай албайт! — деп мени үйүнөн кууп чыкты. Эртеси күнү Жамал эки баласын ээрчитип, үйдөн биротоло кетип калды. Көп өтпөй ажырашууга арыз берди. Ошентип, агамдын үй-бүлөсү урап, бир күндө түндүгү жерге түштү. Ал эми апам жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн экен, Жамал кеткенден кийин көп өтпөй ал да дүйнөдөн кайтты. Жүрөгүм эзилип, кайгыга батып апамды жерге бердик. Кийин билсем, апам өлөрүнө аз калганда Шаарга Жамалдын артынан барып, кечирим сурап, Сейит менен кайра табышуусун сураныпты. Бирок Жамал: "Мен бар жерге ал кайра келбей койбойт", — деп келбей коюптур. Апамдын кыркын бергенден кийин Сейит да Шаара үй-бүлөсүнө кетти, апамдын үйү ээн калды. Мурдагыдай эркелигимди көтөргөн апам жок, апанын кадырын эми биле баштадым. Көзү тирүүсүндө бир жолу "ден соолугуң кандай?" деп сурабаптырмын. Тек гана "бер" деп бара берипмин. Бир жолу белек алып келип көңүлүн албаптырмын. Апамдын орду үңкүйүп бош калды. Эми эч кимге керексиз, айталаада жалгыз калгандай болдум. Апам кеткени Акыл менен Айнура мени жолотпой калышты. Алар Жамалдын артынан барып, "ата конушуңа кайт" деп канча суранышса да, ал кайткан жок. Жамал келбеген соң Сейит да кайтпады. Апамдын ашын бергенден кийин Акыл менен Айнура эки уулун үйлөнтүштү. Элден уялыштыбы, айтор, мени тойго гана чакырып, калган ишке аралаштырышкан жок. Жамал ал тойлорго да келген жок. Сейит өзү эле келип-кетип жүрдү. Мени көргөндө муздак учурашып, такыр сүйлөшпөй койду. Өмүр өз нугунда өтө берди. Кыздарым бой жетип, биринен сала бири турмушка чыгышты. Бирок көп өтпөй экөө тең ажырашып келишти. Биринин күйөөсү балалуу боло албайт экен. Кийин ал кызым экинчи ирет турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп жашап калды. Ал эми экинчи кызымдын багы ачылбай койду. Мүнөзү кудум меникиндей болчу. Экинчи ирет турмушка чыгып, эки кызы менен кайра келген соң: "Башка турмушка чыкпайм", — деп балдарын мага таштап, Россияга жумушка кетти. Неберелеримди бала бакчага берип, баягы жумушумда иштеп жүрдүм. Уулум эр жетип келе жатты. Сейит менен Жамал шаарга орун очок алып, үй-жайлуу болуп, уулдарын үйлөнтүшкөнүн уктум. Тойлоруна Акыл менен Айнура барып келишти. Алар келгенде Жамалдын тою кандай өткөнүн билгим келип, үйүнө бардым. Айнура жеңем Жамалдын катуу ооруп, көпкө дарыланып жүрүп, кийин жакшы болуп кеткенин айтты. Жамал Астанада ашкана ачып, иши жүрүшүп, кийин аны ресторанга айлантыптыр. Жакында чоң үй сатып алышыптыр. Уулдары жогорку окуу жайды бүтүп, бири экономист, бири банкир болуп иштешет экен. Келиндери да абдан ыймандуу, жакшы жердин кыздары дейт. Жамалды көрө албай, ичим күйүп кетти. Кайра эле баягы адатыма салып сүйлөй баштаганымда, Айнура жеңем чыдабай кетти: — Жетишет, Гүлсүн! Ушунча кыянаттык кылдың! Сенин кандай арам иштерди кылганыңдын баарын билебиз! Эми Жамалды жайына кой! Балдарыңа зыяны тийип кетет деп коркпойсуңбу? Адамдан коркпосоң да, Кудайдан корксоңчу! — деп урушуп салды. Ушул убакка чейин мага каяша айтпаган жеңемдин минтип сүйлөгөнүнө ачуум келип: — Силерди желкемдин чуңкуру көрсүн! Жамалың менен катып кал! — деп оозума келгенди айтып, үйүнөн чыгып кеттим. Кийин Акыл калган уулдарын үйлөнткөндө мени чакырган жок. Бул убакта уулум Алматыда окуунун экинчи курсун бүтүрүп, жайкы эс алууга келген. Курбуларынын баарында унаа бар экенин айтып, унаа алып берүүмдү сурана берди. Атасынын каршы болгонуна карабай, уулумду кыйбай, насыяга (кредитке) жаңы унаа алып бердим. Уулумдун сүйүнгөнүн көрүп, мен да маашырландым. Эгер мунун арты өкүнүч менен бүтөрүн билгенимде, ошол унааны эч качан алып бербейт элем... Ошентип бир күнү "сууга түшүп, эс алып келебиз" деп кеткен уулум жол кырсыгына учураптыр. Унаадагы төрт баланын үчөө ошол жерден жан берип, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилди деген суук кабар келди. Кудайдан баламдын амандыгын тилеп, ооруканага чуркап бардым. Бирок тилеп алган жалгыз уулумду Кудайым өзүнө алып кетиптир. Муну укканда жер аңтарылып кеткендей болуп, эсимди жоготуп кулап түштүм. Эсимди жыйнасам ооруканада жатыптырмын. Баламдын жок экени эсиме түшкөндө, жүрөгүм өрттөнүп кетти. "Баламдын ордуна мени эмнеге албадың?!" — деп Кудайга тил тийгизип, жер сабап өкүрүп ыйладым. Өзүмдү тырмап, чачымды жулуп, жинди болуп кете жаздадым. Өзөгүм өрттөнүп, кайгыдан кан жутуп кала бердим. Уулумдун кыркын бердик. Ошол күндөрү башым солкулдап ооруп, күндөн-күнгө алсырай бердим. Муну кайгыдан го деп ойлогом. Бир күнү демим кысылып, денем ысып, тез жардам менен ооруканага түштүм. Дарыгерлер текшерип келип, мээмде шишик бар экенин айтышты. Убакыт өтүп кетиптир... Рактын акыркы стадиясы экен. Көп өмүрүм калбаганын айтышты. Азыр химия алып жатам. "Кезинде ойлонбой кылган иштерим, оңду-солду чачкан каргыштарым өзүмдү айланып таптыбы?" — деп ойлоном. Эч жамандыгын көрбөгөн Жамалга эмнеге мынча өчүккөнүмдү өзүм да түшүнбөйм. Сейиттин үй-бүлөсүн буздум, апамдын эрте кетишине себепчи болдум. Күйөөмдү, балдарымды ойлободум. Кыздарымдын бактысын байлап, жалгыз уулумдун башын жалмадым. Мен эмнеге мындай болдум? Эми мына, жазамды тартып жатам. Катамды башыма иш түшкөндө гана түшүндүм. Өкүнүч өзөгүмдү өрттөйт, бирок баарын артка кайтаруу мүмкүн эмес. Жакында ооруканада жатсам, Жамал келди. Ушунча зордук-зомбулугума карабай, ал-абалымды сурап келиптир. Бир аз отуруп, сакайып кетишимди тилеп чыгып кетти. Алдыма келген Жамалдан кечирим сурайын десем да, кандайдыр бир күч оозумду байлап, айттырбай койду. Ал кеткенден кийин өмүрүмдө биринчи жолу өкүрүп ыйладым. Азыр кулагымда Жамалдын: "Жөндүү каргыш жолун табат, жөнсүз каргыш ээсин табат", — деген сөзү жаңырып турат. "Тукумуң туздай курусун" деп бир туугандарымды каргаганым өз башыма келип, жалгыз уулумдан айрылдым. Өз өмүрүм да куруду. Кимге эмне жамандык кылсаң, бумеранг сыяктуу өзүңө кайтып келет экен. Аттиң, аттиң... Чыгарманын соңу...27 комментариев
3 раза поделились
174 класса
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
233
- Толонбу ТаановаБишкек (Пишпек, Фрунзе)
- Mira BukarovaГазиантеп
- умар ммДжалал-Абад (Жалалабат)
18
- " Бакыт Кушум " Тайпасы !!!16204 подписчика
- Жакшы группа83416 подписчиков
- Бакыт Үйү41853 подписчика
- ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ15199 подписчиков
- ЭЛДИК ТАЙПА.5464 подписчика
Правая колонка