Ит мурундун пайдасы...
Курамы: ит мурундун курамынан 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний баш болгон минералдык заттарды, В1, В2, РР, К, Е жана С витаминдерин кезиктирүүгө болот. Аталган жемиштин курамындагы С витамини карагаттыкынан 5-10, лимондон 40 эсе көбүрөөк.
Мөмөсү: ит мурун кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Анын мөмөсү аз кандуулукта, цинга, боор жана бөйрөк ооруларында дары катары сунушталып келет. Ал сийдикти чыгаруучу, дене табын түшүрүүчү, баш ооруну жазуучу жана табитти ачуучу касиетке ээ болгондуктан ал медицинада да кеңири колдонулат.
2 аш кашык кургатылган ит мурундун мөмөсүн майдалап, ага 2 стакан кайнак сууну куюп 6-8 саат тыны