"Кызыл-Суу"
Тоолору бийик таштары көзгө жагымдуу,
Нарк сактап улуу энелер келет сабырдуу,
Эр жүрөк уулдар, ыймандуу кыздар жетилген,
Атанын сөзү ар дайым болгон кадырлуу .
Шаркырап суусу сай менен кеткен дыйканга,
Кадырман элдин, кадырлуу журтту Кызыл-Суу
*************
Торолуп кучагында, кадамды таштап сенден,
Үлгү алып чоңойгонбуз кадыры бийик элден.
Өзүңдөн тааныганбыз ааламдын чоң агымын,
Табийгат эмне экенин достошуп тоо-таш менен .
Чачыңды көкүрөккө нур кылып сүртүп жүрөм,
Таш жолуң сагынамын, жүрсөм да асфальт жолдо топ эл менен
************
Кечеги тентектериң окуду, эр жетишти,
Агымга каршы сүзүп сыналды иргелишти .
Намысы күчтүү элдин, айбаты сакталыптыр,
От болуп күйүп турган ж