Ырдыны чыры. 3-китеп
4-бөлүм
– Диана, – деди Алтынбек көкүрөгүнө башын жөлөп жаткан келиндин жумшак саамайынан сылап, – Эмнеге мага турмушка чыкпай койдуң? Тандаган күйөөңдү көрдүм, менден ашып кеткен деле жери жок го, – деп тамашага чаргытты.
Диана оор улутунду.
– Жаш болгом да, апам кайсы жакка кара десе, ошол жакты карай бериптирмин. Эми анын азабын тартып жүрөм го.
– Күйөөң начарбы?
– Жок, жакшы адам. Мага, уулума мыкты жубай, мыкты ата. Бирок сүйүү, сезим деген башка нерсе экен да.
– А мага болгон сезим барбы сенде?
Диана унчукпай башын көтөрүп, Алтынбектин эрининен узакка сорду.
– Мына, менин жообум, – деди анан.
– Мен ушул күндү качантан бери күткөм. Сени сактап жүрдүм эле. Ба