Атай алам мекенимди сыймык менен,
Аткан үчүн ар бир таңдар тынчтык менен,
Кылым санап, кандуу доорду басып өткөн,
Кыргызтаным, билген жанга ыйык мекен.
Тынч уйкуда уктайт элиң, түнүң болсун,
Тирчилик өкүм сүрөт күнүң болсун.
Уланууда жандуу жашоо сапар алып,
Улук затка, таазим болсун, шүгүр болсун.
Дүйнөдөгү, чет жактарга көздү салсаң,
Дүлүктүрөт дене бойду көрүп калсаң.
Шумдук кабар жүрөгүңдүн үшүн алган,
Шаарлар ичи талкалаган көчүп калган.
Ачкачылык өкүп сүрүп аламаттан,
Арбайышып адамдар бар ачка калган.
Жада калса тамчы сууга зар болушкан,
Жан кейиткен, күнгө келген сазга баткан.
Эки дөөсү кармашканда чымын өлгөн,
Элдер болот согуш болсо ыйын төккөн.
Сырткы жактан сабак алып эли журтум,
Сак бололу ички душман, кыйын сөздөн.
Мындан өткөн кандуу жолду кечкен кыргыз,
Мекен үчүн жанын дагы берген кыргыз.
Ынтымакты, биримдикти бел байланып,
Ыдырабай бир бүтүнгө келген кыргыз.
Өзүбүзгө өздү кайрап, душман болбой,
Өзгөлөргө жат адамга курман болбой
Кыргыз наамын бек сактайлы биримдикте,
Кең келечек урпактарга уят болбой.
Бөлүнгөндү бөрү жейт деп айткан кыргыз,
Бөтөн тилден, бөтөн сөздөн сактан кыргыз.
Ата мурас, тектен келген түптүү элем,
Ата салтын, кадыр баркын сатпа кыргыз.
Автор: Мырзалиева Рахат
29.11.2025.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6