Кыз деген ким ушул ойго келемин,
Келгилечи издейличи себебин.
Узун түндө кирпик какпай негедир,
Убарадан баш катырып беремин.
Төркүн жактан конок сөздү угат ал,
Түркүн-түркүн кырк тыюдан турат ал.
Кыздык үйдөн кеткичекти тыйылып
Күмүш сырга кулагына куят ал.
Таштай катып суудай сиң деп айтышат,
Турмуш жолго дал ушундай кайтышат.
Ошол бойдон коломтого от жагып,
Очор-бачар өмүр сүрүп калышат.
Балканактай бала төрөп берсе да,
Бары-жогун жай-жай кылып келсе да..
Анда неге кепин келип төркүндөн,
Ага тууган жерге берет, кетсе да.
Эркин өскөн ата үйдөн четтелсе,
Эр тараптан буйрубаса эч нерсе.
Жараткандын жанатынан берилген,
Дедим анда кыздар анык периште.
Конок дешип периштени аташкан,
Кандай болсо дал ушундай жарашкан.
Бейиш төрдү таманына жашырып,
Балдарына апа кылып жараткан.
Апа деген кызмат үчүн келгендей,
Аллах аны жер бетине бергендей.
Кыздын баркы бийик экен түшүндүм,
Калсынчы дейм кыз кадыры тепселбей.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ
23.11.2025.ж


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 7