Свернуть поиск
Фид
Aybiyke♡☆Aydanek Aydarova
поделилась заметкой26 авг 2022
ГҮЛГӨ ОРОЛГОН АК СҮЙҮҮ
1- БӨЛҮМ
- Салам, сулуу кыз.- Салам. - Алмаш аны ыңгайсыздана карап алды. - Кечириңиз, мен байкабай калдым, - деп жол бошото өтүп кетмек болду.- Эчтеке эмес, катуу ойлонуп турсаңыз керек.- Сизге кызыгы жоктур, бейтааныш эмеспизби, - деп жолун улады. Жигит анын артынан калбай кошо келе берди:- Шашпаңыз, токтой турсаңыз, менин атым Элмурат, - деп быдылдап жандай басты. Алмаш үн дебеди, бет алдын түз карап кете берди. Ак саргыл, сурмасы жок, мурду кырдач, чачы артына түйүлгөн узун бойлуу кыздын оюнда акча табуу үчүн жумушка орношуудан башка санаа жок эле. Элмураттын сүйлөп келе бергени ага күлкүлүү сезилдиби токтой калып:- Кызык экенсиз, көрүнгөн кызды ушинтип тааныш деп кыйнай бересизби? - деди.- Жок-жок, бир нерсе издеп жүрөм, балким ал сиздедир деп эле...- Эмнени?! - Кыз таңгалганынан кабак чытып, көздөрүн алайта карады. - Менде эмнеңиз болмок эле?- Атыңыз ким, айым кыз? - Аңгыча Элмурат кыздын маңдайына тура калды. - Айтыңыз атыңызды, уктуңуз менин атымды, күлгөнүңүз гүлдөй ачылган, табамбы сизден бактымды?- Укмуштай сөзмөр экенсиз…- Сөзмөр кылган ички сезим, мындай абалымды түшүндүрүш кыйын болуп турат.- Кеч кирип кетет, мен кетишим керек.- Атыңызды айтып кетиңизчи! - Атым Алмаш. - Алмаш жылмайып койду.- Бир кездерде бирге жүргөн Алмашым.Алыссыңбы, жакынсыңбы кайдасың? Сиз кадимки Рыспайдын Алмашысыз го дейм, мен сиздин Рыспайыңыз болоюн!- Кечириңиз, мен кетишим керек.- Бир аз токтой турчу, Алмаш.- Убактым жок. - Ошол кезде чөнтөк телефону чыр этти. - Аа-а, эже, азыр жетем, жолдо баратам, - деп телефонун өчүрдү да: - Мени күтүп жатышат, - деп ылдамдай басып кетмек болгондо Элмурат аны дагы токтотуп калды.- Алмаш, кафеге кирип чыгалы, мүмкүн бир аз сүйлөшөөрбүз? - Эжем урушат.- Анда эртең жолугалы. - Жок, эртең бошобойм, жумуш издешим керек.- Кандай жумуш?- Кадимкидей эле.- Кандай жумуш жагат?- Акча чыга турган болсо болду. - Күлүп койду Алмаш.- Мен таап берем, эртең ушул жерден жолугалы.- Макул, жага турган иш болсо болду.- Сага жага турган иш табам, Алмаш, телефонуңду берчи, мен өзүм чалайын сага.- Макул. - Алмаш телефон номурун айткан соң коштошуп, үйүнө жөнөдү эле:- Узатып койойун, - деди Элмурат. Алмаш үндөгөн жок, анын жанында унчукпай кетип баратты. Үмөталиев көчөсүндөгү батир үйгө жеткенде кыз:- Келип калдык, - деди күлүмсүрөй. - Сизге рахмат.- Эчтеке эмес, жакшы жатып, жай туруңуз, - деген Элмурат Алмаш менен коштошуп, келген жагына кетти…Биздин каарманыбыз Элмурат майда ишканалардын биринде иштейт. Алар кытайлардын кукси чыгарган ишканасы. Ал жерде Элмурат менеджерлик кылат, бир аял алса, анысы Элмуратты жактырбай жүрүп, кетип калган. Алты ай жашашты. Гүлина бир үйдүн жалгыз кызы эле, колунда бар адамдын кызы болгондуктан, менеджерлик жумуштун айлык акысына ыраазы болбоду. Элмурат жумшак мүнөздүү элпек жигит, болгону анча сулуу эмес, көрүнүшү бир аз кополураак. Бирок өзү абдан адамгерчиликтүү, жагымдуу жигит. Ал түнү бою ойлонуп чыкты. Алмашты бир көргөндө эле жактырып калды. "Кандай болсо да байдын кызы болбосунчу" , - деп ойлоду, анткени Гүлинадан көңүлү калган эле. Гүлинаны ал сүйгөн эмес, өзү Элмуратты эки-үч курдай товар ташып жүргөндө көрүп калып, машинасы менен иштеген жерине жеткирген. Ошондон кийин тез-тез келип турду. Бир күнү келиптир, аябай кубанып алган.- Элмурат, сен экөөбүз бир жакка барышыбыз керек, - деди.- Кайда?- Барганда көрөсүң.- Ачык айта берсең.- Жок, айтпайм, кеттик, - деп колдон алды.- Гүлина, ачык айтпасаң барбайм.- Барасың, - деп болбой машинасына жетелеп барып отургузду да, айдап барып заңгыраган үч кабат үйдүн эшигине токтоду. - Мына келдик, бул жерде менин ата-энем бизди күтүп жатат, - деп күлө карады. Жигит ушунча келген соң терс бурулуп басып кете албай, Гүлинанын көңүлүнө карап, жетелеше дарбазадан кирди. Аларды курсагы чоң, кашка баш алтымыштардагы адам менен арыкчырай аял тосуп алды.- Ассалоому Алейкум! - Элмурат колун сунду эле, тиги киши колун бербестен:- Аллеки Салам, келгиле, балдар, - деп жактыра бербей ары басты.- Киргиле, балам, Гүлү үйгө алып кир, - деп апасы сыпайы гана кол жаңсап, ичкери карай басты.- Апа, Элмураттын жумушу көп, бир азга гана болбой алып келдим.- Эми, бир чыныдан чай ичкиле, кызым, - деп дале апасы чыйпылыктаган болду. Сыртта калган атасы көптөн кийин кирип, үстөлгө чалкалай отуруп, Элмуратты көзүнүн төбөсү менен карады.- Ата, таанышып койгула, бул Элмурат, - деди Гүлина атасына карап Элмуратты көрсөтө. - А бул менин атам, өзүнүн бизнеси бар. Америкага, Турция менен Италияга чейин барып турат.- Таанышканыма кубанычтамын. - Элмурат колун көкүрөгүнө коюп, башын ийип койду.- Ата-энең барбы? - деди Гүлинанын атасы Элмуратка карай.- Атам жок, апам бар.- Кайда жашайсыңар? - Күнтууда.- Канча бир туугансыңар? - Бир тууганым жок, өзүм жалгызмын.- Ко-ош, качан үйлөнөйүн дейсиң?- Эмне дейсиз? - Элмурат таңдана Гүлинаны карады.- Ата, Элмурат сиз уруксат берсеңиз эле…- Гүлина, мен али үйлөнүүнү ойлоно элекмин.- Ата-а, Элмурат сизден тартынып жатат, макул деп коюңуз, - деп Гүлина ыйламсырай атасынын мойнунан кучактай эркеледи. - Сиз макулсуз ээ?- Кызым, - деди апасы ага ыңгайсыздана, - эсиң жайындабы?- Мен Элмуратка гана чыгам, башкага берем деп ойлобогула! - деген Гүлина дароо Элмуратка келип, аны колдон жетелеп жөнөдү.- Кызым, сен каякка?- Кызы-ым? - деген бойдон ата-энеси кала берди. Гүлина машинага отураары менен:- Сен эмнеге ойлоно элекмин дейсиң, мен сени сүйөм, Элмурат. Мага башканын кереги жок, алар мени күйөөгө берем деп жатат, - деп ыйлап жиберди. - Мен баары бир сени сүйөм! - деп, машинасын катуу айдап жөнөгөндө Элмурат эмне дээрин билбей калды:- Гүлина, сен ойлончу, мен али үйлөнүүгө даяр эмесмин, жалгыз апамдын ал-акыбалын жакшы билем, азыр үйлөнө албайм. Анын үстүнө сен экөөбүздүн ортобузда мурда мындай сөз болгон эмес, мен ойлонушум керек.- Жо-ок, сен менден качып жатасың, Элмурат, кааласаң сен айткандай болом. Элмурат, жок дебе, болбосо мени башка бирөөгө берип жиберишет, - деп жол жээгине токтой калып, Элмуратты карысынан кармады. - Эмне, мени сүйбөйсүңбү, сенин сүйүүңө арзыбаймбы? - деп көзүнүн жашын көлдөткөн кызды аяп кетти Элмурат. Бирок үн дебеди. - Элмурат, чын эле мени сүйбөйсүңбү? - Гүлина, турмуш куруу оңой эмес, терең ойлонуп чечишибиз керек.- Антип мени алдабай эле кой, мен сени сүйөм.- Баланын ишин кылбачы. Мен жумуштан кечиктим, такси менен кетем. Сен үйүңө бар да, ата-энеңди тынчтандыр, - деп машинадан түшмөк болуп эшикти ачаарда Гүлина газды басып жиберди эле, жыгылып кете жаздап араң калды. - Бул эмне кылганың, ыргып кетсем эмне болот, ыя? - Ачуусу келип олурая карады.- Эчтеке болгон жоксуң го, өзүм жеткирем сени, - деген кыз аны жумушуна жеткирди. - Элмурат, ишиң бүткөн кезде келем, - деди Гүлина машинадан түшүп бараткан Элмуратка күлмүңдөй.- Бүгүн үйүмө барам, убара болбо! - деп кирип баратканда артынан кыйкырды:- Өзүм жеткирем! - Жинди кыз, - деп коюп, Элмурат кирип кетти. Ошол күнү ал улам эле жумушунан алагды боло берди. "Кызык, мени ошончо сүйөбү, эмнемди анчалык сүйүп калды, а мен аны сүйөмбү? Тобо, кыз бала дагы эркектердин артынан жүгүрөт экен да, өзү эрке кыз экен", - деп ойлоп жылмайып алды. Кечке иштеп, кечинде жумуштан чыгып, аялдамага жакындаганда бир машина жай келип аны качыра токтоду. Рулда отурган Гүлина.- Эмне эсиң ооп калды, кел отурбайсыңбы? - деди күлө.- Сен жинди болдуңбу, мен апама баратам, сага эмне бар? Артымдан жүрчү болбо! - деп опурулган Элмурат келаткан маршруткага түшүп кетип калды. Гүлина жинденген бойдон кайра келди да, машинасын жолго койо салып, үйүнө ыйлап кирди.- Кызым, эмне болду сага? - деди атасы аны көрүп эле.- Эчтеке, эмнеге андан ата-энесин сурайсың? - деди бакырып. - Ал сенден коркуп, мени карабай кетти!- Кызым, сенин көңүлүң деп, ал баланы үйгө киргизип сүйлөштүм, эгер сен болбогондо аны жолотмок да эмесмин. Ал биздин теңибиз эмес. Кайдагы бир томоякка эмне мынча жармашып калдың? Ал сени сүйбөйт экен, кызым.- Жо-ок! - деп ачуу чаңырып, жер тепкилеп ийди Гүлина. - Мен Элмуратты гана сүйөм, ага тийбесем өлөм! - деп кайра жүгүрүп чыгып кетти. Атасы менен апасы жарыша дарбазанын эшигине жеткенде кызынын машинеси ордунан атырыла козголуп, чаң ызгыта узап бараткан. Аны көргөн атасы санаасы тынбай өз машинасын шашылыш айдап жөнөдү. Караандатпай кетип бараткан Гүлинанын "Хондасын" жол четиндеги МАИ кызматкери көрө коюп, мигалкасын уңулдата артынан кууп жөнөдү. Гүлина өлөөр-тирилерине карабай кетип баратып, кызыл күйгөн жолчырактан өтүп кетээрде каршылаш чыга калган бир машинаны сүзүп барып токтоду. МАИлердин баары топтолуп тегеректеп калганда жеткен атасы эчтеке билбей рулда отурган кызын көрүп чочуп кетти. Дароо эшигин ача салып, кызын көтөрүп, машинасын көздөй басканда бир маишник аны тааный коюп:- Ой, саламатсызбы, Надырбек Бекешович, бул сиздин… - деп сөзүнүн аягын таппай калды. Надырбек баш ийкей:- Ооба, менин кызым, тезинен ооруканага алып барайын, - деди.- Ооба, ооба, албетте, Надырбек Бекешович.- Сурагыңарды кийин жүргүзөсүңөр, - деп бурк эткен Надырбек Гүлинаны ооруканага алып барды. Гүлинанын чекеси рулга катуу тийиптир, колдору тытылган, көгөргөн, дем ала албай кыйналып жатты. Атасы врачтар менен сүйлөшүп жакшылап каратып, өзү жанында болду. Дагы кудай сактап, жаракаты өтө оор эмес экен, ички органдарына доо кетпептир. Жарым сааттай убакыт өткөндө Гүлина көзүн ачып:- Элмура-ат, - деди.- Кызым, акыбалың кандай? - деп эңкейип чачынан сылады атасы.- Элмурат, Элмурат кана? - Гүлина чебелектей ушинтип сурай берди. Эшикте күүгүм кирип калган, айласы куруган Надырбек Бекешович кызынын жанында отурду. Гүлина кайрадан үнсүз, кыймылсыз жатып калган, тээ көптө барып эсине келди.- Кызым, кандай дуруссуңбу? - Эмне болду, ата? - деп эки жакты элеңдей карап, өйдө болоюн деди эле, бүткөн бою жанчылып калгандай ооруп кеткенде чыдай албай онтоп ийди. - Мен каяктамын?- Ооруканадасың, кызым, тынч жата гой, баары артта калды, - деп Надырбек Бекешович оор күрсүнүп алды. Гүлина колундагы каршы-терши сайылган капельницаны карап алып, оор улутуна көзүн жумуп жатып калды. Бир маалда медайым кирип:- Сиз бара берсеңиз болот, оорулуунун абалы жакшы, - деди да, капельницасын алмаштырып чыгып кетти.- Кызым, жакшы жат, мен кетейин, эртең менен апаң экөөбүз келебиз ээ, кызым? - деп саамайынан сылай чекесинен өптү.- Макул, - деп баш ийкеп койду Гүлина. Надырбек Бекешович палатадан чыгып, машинасына отурду. Оор үшкүрүп алып, айдап жөнөдү, ал ушул тапта жалгыз болгусу келди. Үйүнө барды дегиче аялы күйпөлөктөп жайына койбойт. Жолдон кафеге кайрылып, пиво ичип отуруп, өткөндү эстөөгө аргасыз болду…Надырбек жетим бала болчу. Аталаш тууганынын үйүндө жүрүп, мектепти бүтөөрү менен аскерде кызмат өтөп келген соң ошол бойдон шаарда калды. Заводдо иштеп жүрүп токардын окуусун бүттү, андан кийин механик болду. Айлыгы дурус болуп, ишканасында көңүлдүү күн өткөрүп жүргөндө Светага жолукту. Ал ошол кездеги начальнигинин кызы экен. Самарбек Надырбектин идиректүүлүгүн, тыңдыгын байкап, ага кызын берди. Эки жашка ылайык бир бөлмөлүү чакан үй сатып берди. Света дагы акыл-эстүү, токтоо аял болду. Алар он жылдай жашап, балалуу боло алышпады. Бир күнү Света:- Надырбек, мен врачка көрүнсөм баары жакшы дейт, сени келип көрүнсүн деген, барып келели, - деди жалдырай.- Ал эмне дегениң, баары жайында, мен эмнеге көрүнмөк элем? - деп кол шилтеп койду Надырбек. Бирок "Көрүнүп коюум керек эле", - деп ойлоп, Светага айтпай өзү барып көрүндү. Ошондо врач ага:- Сиз капа болбоңуз, балалуу болууга жөндөмүңүз жок, - деди ачык эле.- Дарыланууга да болбойбу?- Жок, сизде урук бездери жараланып, личинкалар өлгөн. - Рахмат, - деген Надырбек башын шылкыйта чыгып кетти. Уландысы бар...46 комментариев
5 раз поделились
591 класс
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
52
5
- Призы от Одноклассников2849101 подписчик
- ИРКУТСКИЙДЕГИ КЫРГЫЗДАР23888 подписчиков
- Новости Красноярска Newslab.ru54550 подписчиков
- красноярскийдеги кыргыздар!!!48 подписчиков
Правая колонка