Имам Азамдын атасы Сабит (рахматуллахи алайх) кичине жашынан тарта ахлагы таза, такыбаа зат болгон.
Жүзү абдан нурдуу болуп, диндарлыгы жана илими өтө жогору болгон.
Бир күнү бир дайранын жээгинде даарат алып жаткан эле.
Сууда бир алманы көрөт.
Даарат алып болуп, сууда чирип кете турчу бул алманы алып жейт.
Бирок, түкүрүгүндө кан көрөт.
Бул убакка чейин мындай абалга туш келбегендиктен түкүрүгүндөгү кандын ушул жеген алмадан улам болгондугун божомолдойт.
Жегенине өкүнөт.
Алманын ээсин таап, кечирим сурап ыраазылыгын алуу үчүн дайраны бойлоп басат.
Акыры барып жеген алмага окшогон алма бакка туш келет.
Ээсин сурайт.
Бул заттын абдан жоомарт, жакшылыктуу адам экендигин, жада калса, б