Улгайсам да талбай иштеп келемин ,
Үй - бүлөмө тийсе болду керегим.
Кыш ызгаары коркута албайт мени эч
Эмгектенип суугун да жеңемин.
Турмуш өзү токтобогон күрөш да,
Желбиретем ийгиликтин желегин.
Кара жумуш кубат берет денеме ,
Окшоштурам сүтүн берген энеге.
Ууздугун кана ичип алганмын,
Жалкоолукту жактырбаймын дегеле.
Билекте күч , белде кубат барында,
Айланайын музду жарган кемеге .
Талыбасын кош канатым кагылган ,
Жакшы жандар кетпесе экен жанымдан.
Берекелүү болсун иштеп тапканым ,
Кубат алып турайын мен анымдан.
Жаратканым ачып турсун жолумду .
Ушул болсун үй - бүлөмө камылгам.
Автор : Рустомбек Шерматов.
Хабаровск шаары.
29.11.2025 - жыл.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев