Жакшылыктан үмүтүмдү үзбөймүн ,
Айкөлдүкө көңүлүмдү түздөймүн.
Көп ичинде жашап жүрөм акырын,
Бөлүп жарбай барыңарга бирдеймин.
Көзүбүздө туулган жерди сагынуу ,
Соолуп бара жаткан азыр гүлдөймүн.
Аткарылсын сапардагы тилектер ,
Жылуулугун жоготпосун жүрөктөр.
Аракетти чарчабастан кылалы ,
Алсыздыгын көрсөтпөсүн билектер.
Азабына чыдайлы бул турмуштун ,
Кайрат менен баш көтөрүп күн өткөр.
Суранбагын тиленбегин бирөөдөн ,
Жаратканым коргоп турсун күнөөдөн.
Дили таза кең пейилдүү бололу ,
Жаттап алып курандагы сүрөөдөн.
Адамдыктын аруулугун барктайлы ,
Буйтабайлы туура койгон тирөөдөн.
Бүгүн барбыз эртең айтса жомокпуз,
Билсең эгер бул жашоого конокпуз.
Убакыттын тез өткөнүн карачы ,
Жакшы жолду байкабастан торопуз.
Жүрөктөрдү ыйман нурга толтурбай,
Шайтан жайган тузагына жолопуз.
Кеч болсо да туура жолду тандайлы,
Кыянаттык жака такыр барбайлы.
Болбосо да сан жетпеген байлыктар ,
Жакшы деген адамдарды жандайлы.
Ыйман турсун жүрөктөрдө балкыган ,
Жакшылардан такыр артта калбайлы.
Автор : Рустомбек Шерматов.
Хабаровск шаары.
24.11.2025 - жыл.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев