Ассаламу алейкум урматтуу мусулман эже-сиңдилер!
“Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат” демекчи, башында баары сонун башталгандай болот.
Анан эле ортодогу мамиле солгундап отуруп аягы үй-бүлөнүн экиге ажырашы менен бүтөт.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көпчүлүк ажырашууларга аялдар күнөөлүү экен.
Төмөнкү турмуштук жөнөкөй эрежелерди жадыңызга сактап алып жашооңузда колдоно жүрсөңүз, балким, ажырашуулардын саны бир азга болсо да азаяр.
АЯЛДЫН СЫРТКЫ КЕЛБЕТИНЕ КӨҢҮЛ БУРБАШЫ.
Сиздин 90-60-90 келбеттүү, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок укмуш сулуу периште болушуңуздун бул жерде кажети жок.
Жолдошуңуз сизди тандап сизге үйлөндүбү, демек, сиз анын табитине туура келесиз.
Эми сиз