Урматтуу, Кыргыз элимдеги кайрымдуу, боорукер, кайдыгер эмес замандаштар! Сиздерден көптөн-көп жакшы тилек, илгери-үмүт менен көмөк сурайбыз!
Нарын районунун Калинин айылынын 41 жаштагы тургуну бир тууган жалгыз агам
Жумагулов Бакытбек Төлөбековичтин бооруна операция жасатуу үчүн чоң суммадагы (30миң доллар)акча каражаты керек болуп жатат. Буга чейин билинбей боор оорусу ( альвеококкоз, боордун курту)менен жабыркап жүрчү экен. Өзү да, биз да билбей жүрүптүрүз. Дене бою, көздөрү саргайганынан дарыгерлерге кайрылсак боору такыр эле иштен чыгып чоңоюп кетиптир.Ошол себетен тилекке каршы боорду алмаштыруу (трансплантация кылуу)керек экен...
Аз гана жашоосу калыптыр, тезинен операция кылып ча